- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Сберден которууларды алып, Мальдив аралдарына саякаттын жана башка 120 баалуу байгелердин ээси болуңуз.
Банк жаңылыктары
Сберден которууларды алып, Мальдив аралдарына саякаттын жана башка 120 баалуу байгелердин ээси болуңуз.
Компаньон Банкы СберБанк Онлайн тиркемесинен Компаньон Банкы тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ жана VISA карталарына же телефон номери боюнча "Компаньон" мобилдик тиркемесине эл аралык которууларды алууга багытталган акциянын башталганын кубануу менен билдирет.
Акция 2023-жылдын 1-июлунда башталып, 3 этапта өтөт. Ар бир этаптын эки номинациясы - алынган которуулардын эң чоң көлөмү жана эң көп саны боюнча жеңүүчүлөр акыркы үлгүдөгү смартфондордон тарта тиричилик техникасын камтыган 40 баалуу байге үчүн күрөшө алат.
Мальдив аралдарына эки адамга эки саякат туру 2023-жылдын 31-декабрына чейин улана турган Акциянын жүрүшүндөгү 3 (үч) этапта тең эң жогорку активдүүлүктү көрсөтө алган эки жеңүүчүгө берилет.
Ар бир кардардын максималдуу ыңгайлуулугу үчүн, Компаньон Банкы которууларды жөнөтүүдө конвертациянын оптималдуу курсун коюп, каалаган банктын банкоматынан акча каражатын которуу жана чыгарып алууда комиссияны жокко чыгарды.
Акцияга 1 000 сомдон ашкан бардык которуулар катышат.Жеңүүчүлөр рейтингине бир этапта алынган каражаттын жалпы суммасы минималдуу босого - 50 000 сомдон жогору болгон кардарлар кирет.
Ар бир этап эки календарлык ай жүрөт: (1.07.23-31.08.23; 1.09.23-31.10.23; 1.11.23-31.12.23)
Ар бир этаптын ар бир номинациясынын 20 жеңүүчүсү баалуу байгелерге ээ болот*.
*Ар бир 3 этаптын байге фонду:
- iPhone 14 Pro Max/256 GB
- Телевизор
- Ноутбук
- Муздаткыч
- Кир жуучу машина
- Samsung смартфону
- Чаң соргуч
- Велосипед
- Samsung Galaxy Tab A8/128 GB планшети
- Микротолкундуу меш
- Электрондук эт туурагыч
- Акылдуу саат
- Зымсыз кулакчын
- Электр чайнеги
- Блендер
- Үтүк
- Bluetooth колонкасы
- Power Bank
- Термос
- Рюкзак
**Байгелердин моделдери жана сырткы көрүнүшү жарнамадагы сүрөттөрдөн айырмаланышы мүмкүн.
***Акциянын шарттары, которуулар боюнча чектөөлөр жана СберБанк Онлайн тиркемесинен Компаньон тиркемесине жана ЭЛКАРТ менен VISA карталарына которууларды жөнөтүү жана алуу боюнча нускама менен www.kompanion.kg расмий сайтынан же 88 00 Кардарларды колдоо кызматынын кыска номери аркылуу таанышууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Акцияга бардык жеке жактар - КРнын 16га чыккан бардык жарандары жана резидент эместер катыша алат. Акцияга Компаньон банкынын кызматкерлери жана алардын жакын туугандары катыша албайт.
Бөлүшүү