kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • БЕКЕР АКЧА НАКТАЛОО АКЦИЯСЫ УЗАРТЫЛДЫ

Банк жаңылыктары

БЕКЕР АКЧА НАКТАЛОО АКЦИЯСЫ УЗАРТЫЛДЫ

теке айы 1, 2024

Компаньон Банкы өлкөнүн бардык банкоматтарынан VISA жана Элкарт карталарынан акча каражаттарын бекер алуу акциясынын узартылышы жөнүндө жарыялайт.

Компаньон Банкынын VISA карталарынын ээлери үчүн акция 2024-жылдын 31-декабрына чейин созулат, ал эми Компаньон Банкынын Элкарт карталарынын ээлери бул акциядан 2024-жылдын 31-июлуна чейин пайдалана алышат. Бул аралыкта кардарлар Кыргызстандын бардык аймагындагы каалаган банктын банкоматтарынан комиссиясыз накталай акча ала алышат.

Картаны алуу үчүн Компаньон тиркемесинде кайрылсаңыз болот, ал эми Бишкек шаарында Компаньон Банкынан Visa Gold карталарын тез жеткирүү акысыз.

*Акция жеке жактарга (Кыргыз Республикасынын резиденттерине) Банк тарабынан чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана колдонулат.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бөлүшүү