kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • АЛДЫН АЛА ЖАКТЫРЫЛГАН КРЕДИТ

Банк жаңылыктары

АЛДЫН АЛА ЖАКТЫРЫЛГАН КРЕДИТ

чын куран айы 25, 2025

Алдын ала жактырылган кредит деген эмне?

Бул алдын ала шарттары жактырылган кредит. Банк сиздин финансылык тарыхыңызды изилдеп чыгып, сизге ыңгайлуу болгон өзгөчө сунуш тартуулайт. Сизден сунуш менен таанышып, макулдук берүүңүз гана керек!

Бул кантип иштейт?

1. «Компаньон» тиркемесин ачыңыз.

2. Башкы бетте кредит алуу сунушу менен баннер пайда болот.

3. Баннерди басыңыз — шарттарды изилдеп чыгып, сизге ылайыктуусун тандаңыз.

4. Суроолорго жооп бериңиз жана келишимге тиркемеден эле кол коюңуз.

5. Бир нече мүнөттүн ичинде акча эсебиңизге чегерилет.

Көңүл буруңуз: Компаньон Банкы сиз менен төмөнкү расмий каналдар аркылуу гана байланышат:

·        88 00 номеринен SMS билдирүү

  • «Компаньон» тиркемесинде пуш-билдирүүлөр
  • Адистин 88 00 же 0550 33 88 00 номеринен чалуусу

Эмне үчүн сизге сунуш келди?

  • Сиз жоопкерчиликтүү кардарсыз жана кредиттериңизди убагында төлөп бүткөнсүз.
  • Сиз ишенимдүү сервисти баалайсыз жана Компаньон Банкынын кызматтары менен активдүү колдоносуз.

Сизге сунуш келсе — мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Келишимди тез түзүү, ачык шарттар жана акча бир нече мүнөттөн кийин эле эсебиңизде.

Суроолор калдыбы? 88 00 кыска номерине чалыңыз.

Бөлүшүү