kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • СБЕРБАНК ЖАНА ТБАНК АРКЫЛУУ КОТОРУУЛАР УБАКТЫЛУУ ЖЕТКИЛИКСИЗ

Банк жаңылыктары

СБЕРБАНК ЖАНА ТБАНК АРКЫЛУУ КОТОРУУЛАР УБАКТЫЛУУ ЖЕТКИЛИКСИЗ

баш оона айы 22, 2024

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы 2024-жылдын 22-августунан тартып Россиянын «Сбербанк» ААК жана «ТБанк» АК банктары аркылуу акча которуулар убактылуу токтотуларын маалымдайт.

Клиенттердин ыңгайлуулугу үчүн альтернативдүү каражаттарды сунуштайбыз.

Россиядан Кыргызстанга кантип акча жөнөтсө болот?

  • Россиядан Компаньон Банкынын карталарына которуулар: Sendy, банк «Мир Привилегий» жана Золотая Корона тиркемелери аркылуу. Картаны «Компаньон» тиркемесинен же банктын бөлүмдөрүнөн заказ кыла аласыз.
  • Россиядан Компаньон Банкынын бөлүмдөрүнө которуулар: Золотая Корона, Astrasend, Sendy жана Мир Привилегий  тиркемеси аркылуу.

Кыргызстандан Россияга кантип акча жөнөтсө болот?

  • Акча которууларды банк бөлүмдөрүндө Золотая Корона системаласы аркылуу ишке ашырууга болот. Андан тышкары, “Компаньон” тиркемесинде “РФ карталарын толтуруу” кызматы жеткиликтүү. Банк бөлүмдөрүндө рубл менен эл аралык которууларды комиссиясыз жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилей кетмекчибиз.

«Компаньон» тиркемесин жүктөп алыңыз.

Акча которуу системаларын колдонууда тарифтер жана чектөөлөр жөнүндө кененирээк маалыматты www.kompanion.kg сайтынан же 88 00 номерине чалып (Кыргызстандагы уюлдук операторлор үчүн акысыз) алсаңыз болот.

Бөлүшүү