kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БАНКЫ XIV АЛМА ФЕСТИВАЛЫНА ЧАКЫРАТ!

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ XIV АЛМА ФЕСТИВАЛЫНА ЧАКЫРАТ!

аяк оона айы 11, 2019

Компаньон Банкы он төртүнчү жыл сайын өткөрүлүүчү Алма фестивалына чакырат, фестиваль 2019-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Токмок шаарында өтөт. Биринчи фестиваль 2006-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн, андан бери салтка айланып, жергиликтүүдыйкандар үчүн үзүрлүү экономикалык аянтча болуп калган.

Иш-чаранын негизги максаты багбанчылыкты өнүктүрүү жана агропродукциянын сатып алуучулары менен сатуучуларынын ортосундагы базар байланыштарын чыңдоо болуп саналат. Былтыр Алма фестивалы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өткөн, багбанчылар 800дөн ашык тонна алма сатууга жетишкен.

Фестивалдын чегинде катышуучулар өз продукциясын сатуу үчүн келишимдерди түзүп, Компаньон Банкынын агрономия жана ветеринария боюнча адистеринен акысыз кеп-кеңештерди ала алышат. Фестивалдын программасы алмалардын көргөзмө-жармаңкеси, мастер-класстар, сынактар, музыкалык номерлер жана жемиштерден жасалган тамак-аштардан даам татуу менен коштолот.

Алма фестивалына катышуу суроолор боюнча «Компаньон Банкы» ЖАКнын адисине Зарылбек Усукевге төмөнкү телефон боюнча кайрылсаңыз болот: +996 551 78 30 78.

ММК аккредитациясы Банктын PR-кызматы аркылуу төмөнкү телефондор боюнча өткөрүлөт 0312 33 88 00 (кош. 1002), +996 555 99 22 57, e-mail: marketing@kompanion.kg.

Бөлүшүү