- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ РЕГИОНДОГО ТАРАТТЫ
Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ РЕГИОНДОГО ТАРАТТЫ
Компаньон Банкы социалдык жоопкерчиликтүү каржы институту катары Кыргыз Республикасынын калкына жана саламаттыкты сактоо системасына колдоо көрсөтүүнүн муктаждыгын көрөт. ⠀
Ушул максаттарда Компаньон Банкы буга чейин «Зарыл Учурда» кайрымдуулук демилгесинин алкагында 4 млн. сомго талап кылынган медициналык жабдууларды сатып алган. Ушул жумада банк кызматкерлери Кыргызстандагы 42 медициналык мекемеге медициналык жабдууларды таратып беришти. ⠀
Биргелешкен аракеттерибиз менен пандемияны жеңишибизге ишенебиз. ⠀
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!
Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Бөлүшүү