- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- БАНККА КЕЛБЕСТЕН ЭЛКАРТ ЖЕ VISA ТӨЛӨМ КАРТАЛАРЫНА БУЙРУТМА БЕРҮҮ
Банк жаңылыктары
БАНККА КЕЛБЕСТЕН ЭЛКАРТ ЖЕ VISA ТӨЛӨМ КАРТАЛАРЫНА БУЙРУТМА БЕРҮҮ
Компаньон Банкынын кардарларынын ыңгайы үчүн акысыз төлөм картасын онлайн өтүнмө аркылуу ачуу кызматы жеткиликтүү. Бул кызматты расмий сайтта 5 мүнөткө жетпеген убакытта каттоого мүмкүн. Ошондой эле, өтүнмөнү толтуруу учурунда картаны алуу үчүн Банктын каалаган филиалын тандап алуу жана кошумча кызмат – Интернет /Мобилдик банкингге кошулуу мүмкүн.
Өтүнмөнү төмөндөгү карталарга тапшырык берүүгө болот:
- ЭЛКАРТ «Жеке жактар»
- ЭЛКАРТ «Пенсионердин картасы»
- ЭЛКАРТ «Социалдык төлөмдөр»
- Visa Classic
Картага 16 жашка чыккан жарандар буйрутма бере алат.
Картаны даярдоо мөөнөтү:
- Бишкек шаары боюнча 5-7 иш күн;
- аймактар боюнча 10-15 иш күн.
Картаны чыгаруу баасы:
Акысыз.Картаны андан ары тейлөө – Банктын тарифтерине ылайык
Элкарт төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө тарифтери
VISA Classic төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө тарифтери
ӨТҮНМӨНҮ ТОЛТУРУУ
Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын кеңселерине кайрылыңыздар.
Бөлүшүү