kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • БАНК НООКЕН РАЙОНУНДАГЫ БАЛДАР БОРБОРУН АЧУУГА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

Банк жаңылыктары

БАНК НООКЕН РАЙОНУНДАГЫ БАЛДАР БОРБОРУН АЧУУГА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

кулжа айы 19, 2023

Компаньон Банкы Ноокен районунун Тоскол-Ата айылындагы жайкы балдар борборунун ачылышына колдоо көрсөттү. Борбор "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору" долбоорунун алкагында уюштурулган. Бул билим берүү демилгеси банк тарабынан 8 жылдан бери колдоого алынып келет.

Банктын Ноокен филиалы балдар борборунун толук кандуу иштеши үчүн бардык зарыл канцелярдык товарларды, оюнчуктарды жана шаймандар менен камсыз кылды. Мындай колдоо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана ар бир баланын дараметин жогорулатууга жардам берет.

Борбордун салтанаттуу ачылышына Ноокен районунун акими, жакынкы айыл башкармалыктарынын башчылары, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн орун басары, Роза Отунбаеванын фондунун "Жайлоодогу бакчалар" долбоору боюнча Жалал-Абад облусу боюнча координатору, ошондой эле Тоскол-Ата айылынын ата-энелери жана жергиликтүү тургундары катышты. Борбордун уюштуруучулары мугалимдердин катышуусу менен атайын концерттик программа даярдашты. Музыка, бий жана кызыктуу спектаклдер кубанычтын жана майрамдын атмосферасын түздү.

Жайлоодогу борборлор иштеген жайдын эки айында жыл сайын өлкөнүн жетүүгө кыйын болгон бардык аймактарында 3000ден ашык бала  эсептөө, жазуу, окуу көндүмдөрү жана турмуштук көндүмдөрүнүн негиздери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, балдар жана алардын ата-энелери үчүн ар кандай багыттар боюнча семинарлар ар дайым өткөрүлүп турат.

Компаньон Банкы кардарлардын жана жамааттардын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун күчтөндүрүүгө, өлкөнүн бардык калкынын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сакталышына өбөлгө түзүүчү социалдык жооптуу финансылык кызматтарды көрсөтөт. Компаньон Банкы коомдун социалдык өнүгүүсүн анын финансылык туруктуулугу менен бириктирүүгө умтулат.

Бөлүшүү