kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КАРЖЫҢЫЗДЫ КОРГОҢУЗ: АЛДАМЧЫЛЫК СХЕМАЛАР ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ

Банк жаңылыктары

КАРЖЫҢЫЗДЫ КОРГОҢУЗ: АЛДАМЧЫЛЫК СХЕМАЛАР ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ

теке айы 21, 2023

Технология тездик менен өнүгүп жаткан азыркы санариптик дүйнөдө улам жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Тилекке каршы, аны менен бирге жаңы коркунучтар да жок эмес. Социалдык инженерияга негизделген алдамчылык схемалары барган сайын татаал болуп бара жатат. Эң кеңири таралган мындай схемалардын бири -инвестициянын жогорку кирешелүүлүгүн убада кылуу аркылуу алдоо. Биз сиздердин көңүлүңүздөрдү бул маселеге буруп, мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сактагыбыз келет.

Шылуундар кардарларды өз эсептерине акча которууга көндүрүү үчүн психология- лык ынандыруунун психологиялык ыкмаларын колдонушат. Кирешелүү жана коопсуз инвестициялардын атын жамынып, алар тез жана жогорку кирешелерди убада кылып, ишенчээк кардарларды азгырышат. Бирок, акча которгондон кийин, шылуундар телефон чалууларга жана билдирүүлөргө жооп бербей, жоголуп кетишет. Ошентип, сиз алданып каласыз.

Алдамчылык схемасы мисалы, мобилдик тиркеме менен иштөөгө жардам берүүчү тиркеме катары сыртынан зыянсыз көрүнүшү мүмкүн.Улуу муундагы адамдарүчүнжаңы технологияларды түшүнүү кыйыныраакболгондуктан,алар көбүнесе ушундай алдамчылыктын курмандыгы болушат. Кээ бир шылуундар тиркемени каттоодо өз жардамын сунуштап, андан кийин башка бирөөнүн эсебинен акча алуу үчүн билимдин жетишсиздигин колдонушу мүмкүн.

Алдамчылык схемалардан жанашылуунчулуктанкантип коргонсо болот?

  • Сак болуңуз жана шылуундардын тез жана оңой акча табуу амалдарына алданбаңыз. Этият болуп, чындык болушу үчүн өтө эле жагымдуу угулган сунуштарды сын көз менен баалаңыз.
  • Ишенимдүү тааныштар же туугандар болуп көрүнсө да, үчүнчү жактардын эсептерине же карталарына акча которууну тууралуу тапшырмаларды эч качан аткарбаңыз.
  • Эч качан мобилдик телефондоруңузду башкаларга бербеңиз жана каржы каражаттарына бай         ланыштуу тиркемеси бар телефонуңуз менен колдонууга жол бербеңиз.
  • SMS, мессенджер же электрондук почта аркылуу келген шектүү шилтемелер аркылуу өтпөңүз жана ошол шилтемелерге маалыматыңызды киргизбеңиз.
  • Операция жүргүзүү же текшерүүнүн кажети жок болсо, паспорттогу маалыматтар, банк эсебинин номерлери, электрондук почта жана электрондук капчыктын номери сыяктуу жеке маалыматтарды башка адамдарга ачыкка чыгарбаңыз.
  • Мобилдик тиркеме аркылуу каталарды же уруксатсыз операцияларды көзөмөлдөө үчүн операциялардын таржымалын жана эсеп балансын мезгил-мезгили менен текшерип туруңуз.
  • Телефонуңузду кесепеттүү программалардан коргоңуз жана антивирус программаңызды жаңыртып туруңуз.
  • Сыр сөздөрдү жана коддорду мобилдик телефондордо же корголбогон, ачык башка жайларда сактабаңыз.
  • ПИН-коддорду дайыма алмаштырып туруңуз жана телефондорго уруксатсыз кирүүдөн коргоо үчүн символдордун татаал айкалыштарын колдонуңуз.
  • Мобилдик телефон жоголуп кетсе эсепти же картаны бөгөттөө жана алдамчылык операцияларды алдын алуу үчүн дароо банкка кайрылыңыз.

Эсиңизде болсун, алдын алуу жана этият болуу шылуундар менен күрөшүүдө сиздин эң мыкты өнөктөшүңүз. Сак болуңуз жана каржыңызды шылуунчулуктан сактаңыз!

Бөлүшүү