- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Акча которуулар жөнүндө. Кыргызстандан башка мамлекеттерге кантип акча которуу жана кабыл алуу керек
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Акча которуулар жөнүндө. Кыргызстандан башка мамлекеттерге кантип акча которуу жана кабыл алуу керек
Акча которуу — жакындарыңыз кайда гана болбосун ыңгайлуу жана коопсуз акча жиберүү жолу. Банктар жана акча которуу системаларына жараша бул операциялар жеңил жана тез өтөт.
Акча которуунун негизги жолдору:
1. Банктык которуулар
Бир банктык эсептен экинчи эсепке клиринг, гросс аркылуу акча которуу. Сизге акча которууну кабыл ала турган жактын реквизиттерин билүү керек: эсептин номери, банктын идентификациялык коду, аты. Бул которуулар банктар арасында же бир банктын 2 башка эсебинен болушу мүмкүн.
2. Акча которуу системалары
Western Union жана «Золотая Корона» сервистери аркылуу эсеп ачпастан акча которуу мүмкүн. Офиске келип, арыз толтуруңуз. Акчаңызды өткөрүп, код аласыз жана аны кабыл алуучу тарапка жөнөтөсүз.
3. Карта аралык акча которуу
Бул операцияны ишке ашыруу үчүн кабыл алуучу тараптын картасынын номерин билүү гана керек. Бул акча которууну банкомат, интернет-банкинг жана уюлдук тиркеме аркылуу аткарса болот.
4. Электрондук капчык жана уюлдук тиркеме
«Компаньон» сыяктуу уюлдук тиркемелер капчык аралык, телефон жана эсептин номери, карта аркылуу акча которууга мүмкүнчүлүк берет.
Эмнени эске алуу керек?
Акча которуунун жолун тандап жатып, төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:
- кабыл алуучунун ыңгайлуулугу: кандай офис жана акча берүү пункттары жакын жерде жайгашканын билиңиз;
- акча которуунун суммасы: бир күндүк же жалпы акча которуунун суммасына чек бар же жогун тактап алыңыз;
- акча которуунун мөөнөтү: эгер каражат шашылыш түрдө керек болсо, ыкчам акча которуунун жолун тандаңыз;
- комиссия: эсиңизде болсун, ыкчам акча которуунун тарифи жогорураак болушу мүмкүн.
Буларды билүү оптималдуу акча которуу жолун тандоого жардам берет. Компаньон Банкы ишенимдүү жана пайдалуу акча которуу чечимдерин сунуш кылат. Сизге туура келген акча которуу жолун тандап, акчаңызды жеңил эле жөнөтүңүз.
Кеңеш: электрондук капчыкты колдонуудан мурда сиздин картаңыз эл аралык төлөмдөргө жарактуу экенин аныктап алыңыз. Компаньон Банкынан Visa карталары бар кардарлар кооптонбойт, анткени алардын карталары эл аралык операцияларга жарактуу.
Кыргызстанга кантип акча которсо болот?
1. Акча которуу жолун тандаңыз. Эгер акча тез керек болсо, Astrasend сыяктуу ыкчам акча которуу системасын тандаңыз. Чоң акча суммасын которуу үчүн банктык которуулар туура келет.
2. Документтер жана маалымат. Компаньон Банкы аркылуу акча которуу үчүн:
- Паспорт же башка күбөлөндүрүүчү документ
- Кабыл алуучунун реквизиттери.
1. Коопсуздук боюнча кеңештер
- Картаңыз тууралуу маалыматты эч кимге айтпаңыз
- Кабыл алуучу тараптын реквизиттерин акча которуудан мурда текшериңиз
- Текшерилген акча которуу системаларын колдонуңуз.
Кыргызстандан чет мамлекетке акча которуу
Укуктук өзгөчөлүктөр: Кыргызстанда валюталык операциялар мыйзам менен жөнгө салынат. Чоң суммадагы акча которууда киреше булагын тактоо талап кылынышы мүмкүн. Компаньон Банкынын адистери ушул сыяктуу суроолор боюнча ар дайым маалымат берүүгө даяр.
Кадамдар:
- Жакынкы банктык кеңсесине кайрылыңыз же уюлдук тиркеме менен колдонуңуз.
- Акча которуу жолун тандаңыз: банк, ыкчам которуу системалары же электрондук капчык аркылуу.
- Паспортуңузду жана кабыл алуучуга тиешелүү маалыматты даярдаңыз. Подготовьте паспорт и данные получателя.
Эмне үчүн Компаньон Банкын тандашат
- Популярдуу акча которуу системаларын колдойт.
- Ачык шарттар жана жагымдуу курс.
- Ар бир этапта камсыздалган жогорку деңгээлдеги коопсуздук.
- Акча которууну онлайн же банктын кеңселеринен жүргүзүүгө мүмкүн.
FAQ
Кыргызстанда кандай акча которуу системалары иштейт? Western Union, Юнистрим, Золотая Корона, CONTACT ж.б. системалар Компаньон Банкында жеткиликтүү.
Банктык которуу канча убакытты талап кылат? 1 күндөн 3 күнгө чейин.
Акча которуу үчүн канча пайыз акчаны кармап калышат? Комиссия суммага жана тандап алган акча которуу системасына жараша болот. Компаньон Банкында тарифтер ачык.
Кыргызстандан Сбербанк картасына кантип акча которуу мүмкүн? Золотая Корона же банктык которуулар аркылуу кылсаңыз болот.
Кыргызстандан Kaspi ге кантип акча которсо болот? CONTACT системасын же карта аралык акча которууну колдонуңуз.
МИР картасынан Кыргызстанда акчаны кантип чечүүгө мүмкүн?
Кыргызстанда МИР картасынан акча чечүү үчүн эл аралык акча которуу банкоматтарын колдонууну сунуштайбыз. Ѳлкө ичинде транзакциялар менен болгон көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн карта эл аралык операциялар үчүн активдештирилгенин текшериңиз.
Эми бүткүл нюанстарды билип алып, Компаньон Банкы аркылуу эл аралык акча которууларды тез, коопсуз жана ыңгайлуу жүргүзүңүз. Биз ар дайым жаныңыздабыз жана финансылык маселелер боюнча жардам берүүгө даярбыз!
Бөлүшүү