kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Кредит деген эмне жана аны кантип алуу мүмкүн: жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз

Банк жаңылыктары

Кредит деген эмне жана аны кантип алуу мүмкүн: жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз

жалган куран айы 27, 2025

Кредит жашообуздун жана экономикабыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ал жашообузга зарыл болгон нерселерди азыр сатып алып, акчасын анан төлөгөнгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок кредиттер кантип иштейт экенин билүү зарыл, анткени бул карыз жана процент менен байланыштуу болгон жагымсыз көрүнүштөрдөн сизди сактап калышы мүмкүн.

Кредит деген эмне?

Кредит — бул сизге банк же башка финансылык мекеме тарабынан белгилүү убакытка берилген карыз акча. Бул акчаны кайра кайтарып беришиңиз керек. Анын үстүнө акчаны колдонгондугуңуз үчүн процент түрүндө кошумча акча төлөп бересиз.

Процент — бул банк сизге акчасын берип, бирок кээде артка кайтарып ала албай калуу тобокелдиги үчүн болгон төлөм.

Мисалы: сиз кредитке 100 мин сом алдыңыз. Аны бир нече ай же жылдан кийин артка кайтарышыңыз керек. Бирок банкка сиз 100 мин сом эмес 110 мин сом кайтарып бересиз. Кошумча 10 мин сом — сиз банкка төлөп бере турган процент болуп эсептелет.

Кредиттөөнүн формалары

1. Мамлекеттик субсидиялар

Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо. Айыл чарбадан баштап кичи бизнеске чейин камтыйт. Мамлекет үчүн маанилүү болгон проекттерди ишке ашыруу үчүн көбүнчөсүн жеңилдетилген шарттар менен берилет.

2. Эл аралык кредиттер

Мамлекетке башка өлкөлөрдөн жана эл аралык мекемелерден болгон финансылык жардам. Мындай кредиттер масштабдуу проекттерге жумшалат: жолдордун курулушу, ишканаларды модернизациялоо жана жалпы өлкөнүн экономикасын бекемдөө.

3. Коммерциялык ссудалар

Жеке финансылык ишканалардан жана микрофинансылык компаниялардан алууга мүмкүн болгон каражат. Адатта жалпы каттоо процесси тезирээк жана жөнөкөй, бирок пайыздык чен дагы банктарга караганда жогору. Эгер сизге каражат дароо керек болуп, ылдам процесс үчүн ашыкча төлөөгө даяр болсоңуз, анда сизге бул туура келет.

4. Физикалык жактарга жана бизнеске каралган банктан кредит

Эң көп колдонулган вариант. Банктар техника сатып алуу үчүн керектөө кредиттеринен баштап бизнести өнүктүрүү үчүн кредитке чейин арбын түрлөрдү сунуштайт. Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон сумманы жана мөөнөттү тандайсыз, ал эми Компаньон Банкы ыңгайлуу шарт жана ачык тарифтерди сунуштайт.

Макаланын уландысында кененирээк банк кредиттери тууралуу сөз кылып, эмнеге сиз үчүн бул ынгайлуу жана ишенимдүү жол болушу мүмкүн экенин айтып берели.

Банк кредиттеринин түрлөрү

Кредиттердин бир нече түрү бар жана кайсынысы сизге жарактуу экенин билүү зарыл.

Керектөө кредиттери

Бул эң кеңири таралган кредиттин түрү. Кредитти ар кандай максаттарга алууга болот — тиричилик техникасын жана эмерек сатып алуу үчүн, окуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, медициналык чыгашаларга ж.б. Мындай кредитке аз көлөмдөгү акча (мисалы, 500 миң сомго чейин) жана кыска мөөнөт (5 жылга чейин) каралган. Адатта күрөө жана кепилдиктер кереги жок.

Ипотекалык кредит

Ипотека — турак жай алуу үчүн кредит. Бул кредитке банк сизге көп суммадагы акча берет, бирок алган үйүңүз же квартираңыз курөө катары саналат. Бул эмнени түшүндүрөт? Эгерде кредитти төлөп бүтпөй калсаңыз, банк үйүңүзду алып коюшу мүмкүн.

Автокредит

Кредитке унаа алууну пландасаңыз, анда бул кредитти алыңыз. Автокредит жаңы же колдон алынган унаалар үчүн берилет. Кредиттин мөөнөтү— 5 жылга чейин. Ипотекалык кредит сыяктуу эле алган унааңыз күрөө катары саналат.

Кредиттик карта

Каражат керек болгон учурда кредиттик карта менен акча дайыма жаныңызда. Улам кредит алуу үчүн документ чогултуунун кажети жок. Карта менен лимит чегине чейин акчаны карызга алып, анан төлөп баштайсыз.

Кредит кантип алуу керек: маанилүү болгон кадамдар

Эми кредит тууралуу маалымат алгандан кийин, аны кантип алуу керектиги тууралуу сөз кылалы.

1. Арыз тапшыруу

Биринчи кадам— кредит алуу үчүн арыз тапшыруу. Арыз тапшыруу үчүн банктын кеңселерине келип же телефон жана интернеттен берсеңиз болот. Арызда керектүү сумма жана кайсы максатка алып жатканыңызды белгилешиңиз керек.

2. Кредит төлөө жөндөмдүүлүгүңүз

Арыз тапшыргандан кийин банк сиздин финансылык кырдаалынызды баалайт. Банк сиздин кредиттик тарыхыңызды текшерет — буга чейин кредит алдыңыз беле жана аны кандай төлөп бүттүңүз эле. Ошондой эле жалпы кирешеңизди тастыктоо да керек болуп калышы мүмкүн (иштеген жериңизден справка же банк эсебинин көчүрмөсү).Бул документ банкка сиздин акчаны кайтарып бере ала турганыңызды түшүнүү үчүн керек.

3. Кредитке болгон макулдук

Эгер банк сиздин кредит төлөө жөндөмдүүлүгүңүзгө жакшы баа берсе, анда сизге кредит берилет. Айрым учурларда сизден дагы кошумча документ талап кылынышы мүмкүн.

4. Келишимге кол коюу

Сиздин арызыңызга макулдук берилген соң банк сиз менен келишим түзөт. Бул документте бардык маанилүү шарттар такталган: кредиттин суммасы, мөөнөтү, пайыздык чен, айлык төлөм ж.б. Кийин жагымсыз кырдаалга туш болуп калбоо үчүн келишим менен жакшылап таанышыңыз.

5. Акча алуу

Келишимге кол коюлгандан кийин сизге акча берилет. Акчаны накталай түрдө же картага которуу менен ала аласыз. Бул бөлүм кредиттин шарттарына жараша болот.

Кредит алуу шарттары

Кредитти алуудан мурда банктын чечимине кандай кырдаал таасир этээрин билип алуу керек.

1. Кредиттик тарых

Мурда алынган кредитиңиз бар болсо, ал боюнча кандай төлөм жүргүзгөндүгүңүздү банк сөзсүз түрдө текшерет. Эгерде алгачкы кредитти төлөө менен кандайдыр бир көйгөй болсо, банк жаңы кредит берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Канчалык кредиттик тарыхыңыз таза болсо, ошончолук кредит алуу мүмкүнчүлүгүңүз жогору болот.

2. Кирешени тастыктоо

Көпчүлүк банктар кирешеңизди тактоону талап кылат. Сиздин финансылык стабилдүүлүгүңүздү көрсөтө алган иш жериңизден справка же башка документтер болушу мүмкүн. Кээ бир кредитти иш жеринен справка алып келбестен эле алса болот, бирок бул учурда пайыздык чен жогору болушу мүмкүн.

3. Күрөө жана кепилдик

Чоң суммадагы акча алуу үчүн, мисалы, үй алуу үчүн, банк күрөө талап кылышы мүмкүн. Күрөө катары үйүңүздү же унааңызды катташыңыз мүмкүн. Бул банк кабылып калышы мүмкүн болгон тобокелдикти азайтат.

Тобокелдик жана эскертүү

Кредит ыңгайлуу продукт болгону менен тобокелдиктерди да унутпоо зарыл.

1. Жогорку пайыздык чен

Айрым кредиттер, мисалы, кирешеңизди тастыктаган справкасы жок, жогорку пайыздык чен менен берилиши мүмкүн. Аягында банктан алган каражатка караганда кыйла көп акча төлөп бересиз.

2. Мөөнөтүнөн өтүп кетүү жана айыптар

Эгерде каражатты убагында төлөп бербесеңиз, сизге айып жазылышы же пайыздык чен жогорулашы мүмкүн. Бул сизге кошумча финансылык жук түзөт.

3. Карыздык тузактар

Айрым адамдар кредитти убагында төлөп бере албай калышы мүмкүн экенин ойлонбой эле эски карыздарын жабуу үчүн кредит алышат. Бул көрүнүш ай сайын көбөйүп турган карызга алып келиши мүмкүн жана мындай кырдаалдан чыгуу кыйыныраак болот.

Компаньон Банкынан кредит алуунун артыкчылыктары

Компаньон Банкында кредит алуу оңой жана ыңгайлуу. Биз кардарларыбызга жеңилдетилген шарт, төмөнкү пайыздык чен жана кошумча татаалдыктарсыз кредит алууну сунуштайбыз. Кредит алуу үчүн сизге банктын кеңселерине келүү кажети жок. Сайтыбызга кирип, интернеттен арыз толтуруңуз.

Компаньон Банкында кредит алуу үчүн эмне кылуу керек?

Компаньон Банкында кредит алуу үчүн сизге ыңгайлуу жолдун бирин тандап алсаңыз болот:

Офлайнжакынкы Банктын кеңсесине кирип, биздин адистерден консультация алсаңыз болот;

Онлайн — биздин сайт же уюлдук тиркемебиз аркылуу арыз толтуруңуз. Үйдөн чыкпастан эле кредитке арыз толтуруунун тез жана ыңгайлуу жолу.

Кредит — финансылык маселелерди чечүүнүн ыңгайлуу куралы. Бирок кредит алуудан мурда баарын жакшылап ойлонуштуруу керек. Кредитти убагында төлөп бере ала турганыңызга ынаныңыз. Жана дагы кредиттин шарттарын менен таанышып, сизге ыңгайлуусун тандаңыз.

Төмөнкү пайыз менен кредит — бул көйгөйдү чечүүнүн жакшы жолу, бирок мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө унутпаңыз.

Карыздык тузакка түшүп калбоо үчүн кредит алуу жоопкерчиликтүү жана ойлонуп жасалган кадам болушу керек. Компаньон Банкында сизге ылайыктуу вариантты тандоого жардам берүүгө ар дайым даярбыз!

FAQ

Кредитти кантип онлайн алууга мүмкүн?
Банктын сайтынан же уюлдук тиркемеден онлайн арыз жиберип, банктын жообун күтүңүз.

Кредит деген эмне?
Сиз банктан алып, кайра пайыз кошуп төлөп берүүгө макул болгон каражат.

Кредиттин кандай түрлөрү бар?
Керектөө кредити, ипотекалык, автокредит, кредиттик карта ж.б.

Кредитти кантип алуу мүмкүн?
Банкка арыз жибересиз. Андан соң керектүү документтерди чогултуп берип, келишимге кол коюп, акчаны аласыз.

Бөлүшүү