- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Депозит деген эмне, эмне үчүн керек жана аны кантип ачса болот
Банк жаңылыктары

Депозит деген эмне, эмне үчүн керек жана аны кантип ачса болот
Депозит — бул акчанызды, баалуу металлды, кагазды жана башка финансылык активдерди банктын карамагына тапшыруу. Банкта алар коопсуз сакталат жана сизге пайда алып келет. Ал эми максаттарынызга жооп бере турган депозитти кантип тандоону азыр кененирээк айтып берели.
Депозиттин түрлѳрү
25 жаштагы Айгеримди элестетип кѳрѳлү. Ал ийгиликтүү адис жана баарыбыз сыяктуу эле келечегин ойлонот. Ошон үчүн тапкан акчасын корото бербей, «келечекте кантип каржылык коопсуздугумду камсыздай алам?» - деп ойлоно баштады. Айгеримге акчаны жоготуп алуу коркунучу жок, ишенимдүү киреше керек болгондуктан, эң ынгайлуу каражат топтоо жолу банкта депозит ачуу болду.
Кыргызстан банктарында депозиттин 3 түрү бар:
1. Накталай депозит — эң таанымал депозиттин түрү.
2. Металл депозити — баалуу металлдарды сактоо депозити.
3. Банктагы ячейка — баалуу кагаздарды сактоо депозити. Бирок бул учурда банктагы ячейкага акча тѳлѳѳ керек. Жаны дагы банк сиздин баалуу кагаздарыңыздын баасы ѳсѳт деп кепилдик бере албайт.
Ѳлкѳбүздѳ эң таанымал болгон найталай депозит тууралуу кененирээк сѳз кылалы. Накталай депозит — бул каражатыңызды банкка белгилүү мѳѳнѳткѳ салым катары берүү. Албетте салымыңыз сизге проценттик киреше алып келет.
Депозит кандай иштейт?
Сиз каражатыңызды банкка салым катары бересиз. Банк акчаңызды ѳзүнүн финансылык операциялыра үчүн колдоно алат, ал эми сизге киреше чегерилет. Депозиттин мѳѳнѳтү канчалык узак болсо, банк сизге тѳлѳп берген проценттик кирешенин суммасы ошончолук жогору болот. Бирок эгерде депозитти мѳѳнѳтүнѳн эрте ала турган болсоңуз, банк тѳлѳп берген проценттик кирешеден айрыласыз.
Айгерим үчүн эң ынгайлуу депозит накталай болду. Бирок депозиттик сунуштардын саны арбын болгондуктан, ал маалыматты кененирээк изилдѳѳнү чечти: накталай депозитти кантип айырмалап, кайсынысын тандоо керек жана башкысы – кайсынысы эң кѳп пайда алып келет?
Депозиттин түрлѳрү
Кардардын түрү боюнча (юридикалык же жеке жак), керектелүүчү мѳѳнѳткѳ ж.б. шарттарга жараша депозиттердин бир нече түрү бар.
1. Кардарлардын түрү боюнча
Жеке жана юридикалык жактарга депозиттин шарттары жана чендери ар башка болушу мүмкүн.
2. Мѳѳнѳтүнѳ жараша
•Мѳѳнѳттүү депозит
Каражат белгилүү бир мѳѳнѳткѳ депозитке алынат (мисалы, 3 ай же 3 жылга). Бул убакыттын ичинде кардар проценттик киреше алат.
• Талап боюнча тѳлѳнүүчү депозиттер
Акчаңызды толугу менен же бир бѳлүгүн каалаган учурда ала аласыз. Каражатыңызга процент чегерилет, бирок минималдык чен менен (мисалы, 0,1% жылдык чегерүү). Компаньон Банкында рубль жана АКШ долларында талап боюнча төлөнүүчү эсептер бар, алардын калдыгына жылдык 0,5% дан 5%га чейин чегерүү каралган.
3. Шарттары боюнча
• Толуктоо мүмкүнкүнчүлүгү бар же жок депозиттер.
• Керектелүүчү депозит — акчаңыздын бир бѳлүгүн ала аласыз.
• Максаттуу депозит — акчаңызды эсептен чечип алыш үчүн белгилүү бир кадамдарды аткарышыңз керек. Мисалы, депозитти ачканда максат кылган сумманы чогултушуңуз талап кылынат.
• Пайыздардын капитализацияланышы бар же жок депозит. Пайыздардын капитализацияланышы — пайыздык чен депозит ачкандагы суммага гана тѳлѳнбѳй, жалпы эсепте болгон акчага тѳлѳнүшү.
Айгеримдин ѳздук жыйымдары жок болгондуктан, адегенде топтолуучу депозитти ачууну чечти. Бул депозитте каражатты мѳѳнѳттѳн эрте алуу мүмкүн эмес, бирок ай сайын эсепти толуктоо мүмкүн.
Депозит кантип ачылат?
Компаньон Банкында депозитти онлайн жана офлайн ачууга мүмкүн. Докуметтен паспорт гана керек.
Компаньон Банкында Мѳѳнѳттүү, Топтолуучу, Пенсиялык депозиттер бар. Депозитти банктын кеңселирине келбей эле, онлайн ачсаңыз дагы болот. Онлайн ачуу банкка келүүдѳн дагы ыңгайлуу.
Мѳѳнѳттүү – эсепти кошумча топтоо мүмкүнчүлүгү жок. Каражатыңызды банктын кѳзѳмѳлүнѳ 3 айдан 36 айга чейин тапшырып, жогорку пайыздагы пайда табасыз. Киреше табуу үчүн бул эң ыйгайлуу депозит. Сом жана доллар валюталарында ачууга мүмкүн.
Топтолуучу – эсепти кошумча толуктоо мумкун. Мѳѳнѳту 3 айдан 36 айга чейин. Эсепти 200 сом менен эле ача аласыз. Бул депозит сом жана рубль валютасында ачылышы мумкун. Пайыздардын капитализацияланышы каралган.
Пенсиялык – депозит 55 жаштан жогору инсандарга каралган. Эсепти кошумча толуктоо мумкунчулугу бар. Эсепти сиз гана эмес, балдарыңыз, неберелериңиз жана башка адамдар дагы толуктай алат. Каражатыңызды сом же АКШ доллары менен топтосоңуз болот.
Компаньон Банкында ачылган бардык депозиттер Депозитти коргоо агентствосу тарабынан коргоого алынган. Гарантиялык кырдаал келген учурда агентство 1 миллион сомго чейинки депозиттерди компенсациялайт.
Депозитти онлайн ачуу
Депозитти онлайн ачуу учун телефонуңузга «Компаньон» уюлдук тиркемесин жүктѳп, идентификациядан ѳтүңүз.
Эгер телефонуңузда банктын тиркемеси бар болсо, «Депозит» бѳлүмүнѳ ѳтүп, сизге ылайыктуу депозитти тандаңыз.
Депозитти банктын кеңселеринде ачуу
Депозитти банктын кеңселеринен ачууну кааласаңыз, үйүнүзгѳ жакын Компаньон Банкынын кеңсесине паспортуңуз менен келип, толук консультация алыңыз. Биздин адистер депозиттик эсепти ачууга заматта эле жардам берет.
Депозиттен акча алуу жана депозитти жабуу
Депозиттин мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин банк чогулган каражатыңызды эсеп же картаңызга ѳткѳрүп берет. Ошондой эле акчаңызды Компаньон Банкынын кеңселеринен алып кетсеңиз болот.
Депозитти мѳѳнѳтүнѳн эрте токтотуу
Эгерде депозиттик эсептеги акчанызды мѳѳнѳтүнѳн эрте алам десеңиз, пайыздык чен 0% менен саналып, сизге пайыздык кирешенин бир бѳлүгү эле тѳлѳнѳт. Депозиттен кирешени толугу менен алам десеңиз, акчаңызды мѳѳнѳтүнѳн эрте албоону сунуштайбыз.
Депозит каражатыңызды жѳн гана сактабастын, аны кѳбѳйтүүгѳ дагы жардам берет. Депозиттин түрүн тандоо алдыга койгон максатыңызга жараша болот. Каражатыңыздын сизге жеткиликтүү болушун каалайсызбы же аны сактап, капитал чогултукуңуз келеби?
Эмесе, Айгерим менен бирдикте депозит тууралуу керектүү маалыматтын бардыгын алдыңыз. Ал эми Айгерим болсо депозиттин түрлѳрүн изилдеп чыгып, Компаньон Банкынын уюлдук тиркемесин колдонуп Толуктоочу депозитти ачмай болду. Анткени бул депозит анын бардык талабына жооп берди:
уюлдук тиркемеден эле депозиттик эсепти толуктоо мүмкүнчүлүгү бар;
каалаган убакытта депозит боюнча маалыматты кѳрѳ алат;
пайыздардын капитализацияланышы бар, демек кѳбүрѳѳк киреше табат.
Депозиттин түрүн тандоо талаптарыңызга жараша болушу керек. Эгерде чон суммадагы акчаңыз болсо жана пайыздык чен боюнча кѳбүрѳѳк киреше алам десеңиз, анда Мѳѳнѳттүү депозитти тандасаңыз болот. Депозиттин бул түрүндѳ эң жогорку пайыздык чен каралган.
Эми ыңгайлуу финансылык инструментти тандап, ѳзүңүздүн финансылык коопсуздугуңузга карата аттанасыз деп ишенебиз.
Суроолор жана жооптор
Депозит деген эмне?
Банктын карамаганы белгилүү бир убакытка ѳткѳрүп берилген акча, баалуу кагаздар жана металлдар, ж.б. баалуулуктар. Депозиттин түрүнѳ жараша банк пайыздык киреше тѳлѳп берет.
Депозитти кантип ачуу мүмкүн?
“Компаньон” уюлдук тиркемесин телефонуңузга жүктѳп же банктын кеңселерине паспортоңуз менен келиңиз.
Депозит кандай иштейт?
Сиздин депозиттеги каражатыңызды банк ѳзүнүн карамагы боюнча келишимде кѳрсѳтүлгѳн убакытка колдоно алат. Сиз келишимдеги пайыздык чен боюнча киреше табасыз.
Бөлүшүү