kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • ОНЛАЙН-КРЕДИТ БЕРҮҮ ПРОЦЕСИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Банк жаңылыктары

ОНЛАЙН-КРЕДИТ БЕРҮҮ ПРОЦЕСИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

бештин айы 13, 2024

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы 2024-жылдын 13-декабрынан тартып "Компаньон" мобилдик тиркемесинде онлайн-кредит берүү процессине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайт.

Коопсуздукту жогорулатуу жана онлайн-кредиттер боюнча алдамчылык операцияларды болтурбоо үчүн жаңы механизм ишке киргизилди – эсепке каражаттардын түшүүсүн күтүү убактысы киргизилди. Ошол эле учурда, өтүнмөнү карап чыгуу процесси тез бойдон калууда жана болгону 5 мүнөттү талап кылат.

Кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин каражаттарды чегерүүнү күтүү убактысы:

  • 2 000 сомдон 14 999 сомго чейинки кредиттер дароо эле эсебиңизге түшөт.
  • 15 000 сомдон 49 999 сомго чейин - 3 саат;
  • 50 000 сомдон 100 000 сомго чейин - 6 саат;
  • 100 001 сомдон жогору кредиттер боюнча – 24 саат. Бул убакыттын ичинде банк кардарга расмий номерден кредиттик өтүнүчтү ырастоо үчүн контролдук чалуу жасайт, эгерде кардардан тастыктоо алынбаса, акча каражаты чегерилбейт.

Маанилүү! Жогорудагы өзгөртүүлөр онлайн-кредиттерге гана тиешелүү жана кеңселерде берилген кредиттерге тиешеси жок.

Бул өзгөртүүлөр Улуттук банктын 2024-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган №2024-П-12/63-1-(НПА) токтомунун алкагында киргизилген..

Эскертүү:

  • Аралыктан идентификациялоодон өткөн колдонуучулар үчүн 14 500 сомго чейинки онлайн-кредит жеткиликтүү.
  • 200 000 сомго чейин онлайн-кредиттер толук идентификациялоодон өткөн  бардык кардарларга жеткиликтүү. Толук идентификацияны Компаньон Банкынын каалаган кеңселериинен өтсө болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылыңыз (Кыргыз Республикасындагы уюлдук операторлордон чалуулар акысыз).

Бөлүшүү