kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • РОССИЯДАН АКЧА КОТОРУП БАТИР УТУП АЛЫҢЫЗ

Банк жаңылыктары

РОССИЯДАН АКЧА КОТОРУП БАТИР УТУП АЛЫҢЫЗ

тогуздун айы 10, 2024

Россиядан Кыргызстанга бат-бат акча которуп турасыңарбы? Анда сизде Бишкек шаарынан батир жана акчалай сыйлыктарды утуп алууга толук мүмкүнчүлүк бар, анткени Компаньон Банкы Россиядан Кыргызстанга акча которууларды жөнөтүүчүлөрү үчүн акцияны баштайт! 2024-жылдын 1-августунан 2025-жылдын 31-майына чейин ар бир которуу укмуштуудай байгелерди утуп алууга сизди жакындатат.

Ал эми шарттары абдан оңой! Компаньон Банкы тарабынан чыгарылган Элкарт жана Visa карталарына же Компаньон мобилдик тиркемесине жеткиликтүү акча которуу системаларынын жардамы менен Кыргызстанга акча которууларды жөнөтүңүз. Акция 5 аралык этаптан жана финалдан турат:

1-этап:01.08.2024ж.баштап30.09.2024ж.чейин

2-этап: 01.10.2024ж.баштап30.11.2024ж.чейин

3-этап:01.12.2024ж.баштап31.01.2025ж. чейин

4-этап:01.02.2024ж.баштап31.03.2025ж.чейин

5-этап:01.04.2024ж.баштап31.05.2025ж.чейин

Акциянын финалдык этабы:01.08.2024 ж. баштап 31.05.2025-ж. чейинжасалган которуулар боюнча жыйынтыктарды чыгаруу.

Ар бир аралык этапта эки номинация боюнча 10 жеңүүчү аныкталып, алар 50 000 сом алышат:

1-Номинация:жөнөтүлгөнкоторуулардын эң чоң көлөмү (суммасы) боюнча – 10 (он) жеңүүчү.

2-Номинация:жөнөтүлгөн которуулардын эң көп саны боюнча– 10 (он) жеңүүчү.

Бир финалдык жеңүүчүАкциянын бүткүл мезгилинин ичинде жөнөтүлгөн которуулардын эң чоң жалпы көлөмү боюнча аныкталат.

Толук акциянын шарттары

Компаньонга атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтер жана тарифтер боюнча акча которуңуз жана кыялыңызга жакындаңыз!

Акча которуу системалары, нускамалар жана тарифтер менен www.kompanion.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Кененирээк маалыматты алуу үчүн Кардарларды тейлөө кызматына 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) алыңыз.

Бөлүшүү