- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! МОБИЛДИК ТЕЛЕФОНДОРДУ БЕЙТАНЫШ АДАМДАРГА БЕРБЕҢИЗДЕР!
Банк жаңылыктары
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! МОБИЛДИК ТЕЛЕФОНДОРДУ БЕЙТАНЫШ АДАМДАРГА БЕРБЕҢИЗДЕР!
Урматтуу кардарлар!
Сак болуңуздар — банк кызматкерлери болуп өздөрүн тааныштырып, кардарлардын мобилдик телефондоруна жана жеке маалыматтарына кирип, кардарлардын макулдугусуз жана маалыматысыз онлайн-кредиттерди тариздеп, алынган акчаны чыгарып жаткан учурлар катталды. Кардарлар мындай карыздар тууралуу бир топ убакыт өткөндөн кийин гана билип, алар кредитти төлөп берүү зарылдыгы менен кабылышат, ал эми бул кредит тууралуу алар эч нерсе билишкен эмес.
Өзүңүздү коргоо үчүн бул сунуштарга баш ийиңиз:
- Мобилдик телефонуңузду, айрыкча банктык тиркемелер же электрондук капчыктар орнотулган болсо, эч качан башка адамдарга бербеңиз.
- Паролду, СМСтеги сырдуу коддорду, картанын CVV кодун, интернет-банкингдеги жеке кабинеттин паролун же сыр сөздү эч кимге — банк кызматкерлерине дагы айтпаңыз!
Банк кызматкерлери сизден эч качан түзмөктөрүңүзгө же банктык тиркемелерге кирүүгө уруксат сурашпайт. Эгерде күмөн саноо пайда болсо, дароо банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн номурлар аркылуу байланышкыла.
Клиент өзүнүн конфиденциалдуу маалыматтарын жоготкон же үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды берген, ошондой эле текшерилбеген интернет-ресурстарды колдонгон учурларда банк алдамчылар тарабынан жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Финансыңызды сактаңыз жана сергек болуңуз!
Кошумча маалымат алуу үчүн кардарларды колдоо кызматына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик операторлордон чалуу акысыз).
Бөлүшүү