kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМИССИЯСЫЗ АКЧА НАКТАЛАЙ АЛУУ ЖАНА ЭСЕПТЕРДИ ТОЛУКТОО

Банк жаңылыктары

КОМИССИЯСЫЗ АКЧА НАКТАЛАЙ АЛУУ ЖАНА ЭСЕПТЕРДИ ТОЛУКТОО

тогуздун айы 1, 2024

Компаньон Банкы комиссияларды жокко чыгаруу боюнча акциянын 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын билдирет!

  • Комиссиясыз накталай акча алуу
    Компаньон Банкынын Visa жана Элкарт карталары менен накталай акчаны өлкөнүн каалаган банкоматында комиссиясыз алып аласыз. Эгерде сизде карта жок болсо, "Компаньон" тиркемесинен картаны чыгарууга арыз берсеңиз болот. Бишкектеги тургундар үчүн Компаньон Банкынан Visa Gold карталарынын дароо жеткирилиши акысыз.
  • Комиссиясыз толуктоо
    Компаньон мобилдик тиркемесин, ошондой эле Visa жана Элкарт карталарын комиссиясыз толуктаңыз. Оңой жана ылдам! Комиссиясыз толуктоо үчүн ар кандай терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу мүмкүн. Атап айтканда, О! Деньги, Balance.kg, Megapay, Элкарт Мобайл, Элсом, Optima24, Bakai24, Namba One, Demir тиркемелери аркылуу, ошондой эле PAY24, О!, Quickpay, Mega, Unipay, Balance.kg, Бакай Банк, Оптима, Demir и UMAI терминалардар аркылуу комиссиясыз толуктоо.

Компаньон Банкынын кызматтарынын бардык артыкчылыктарынан пайдаланып, финансылык транзакцияларыңызды ыңгайлуу жана кирешелүү кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Акция Компаньон Банкынын Visa жана Элкарт сомдук карталарына, ошондой эле сом менен алынган учурда гана колдонулат.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бөлүшүү