kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификат алды

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификат алды

теке айы 25, 2024

«Компаньон Банкы» CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды.

Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен «Компаньон Банкы» кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана максаттарына жетүүгө жардам берет.

Ал эми мунун далили CERISE+SPTF тарабынан ийгиликтүү аяктаган көз карандысыз сертификация болуп саналат, ал кардарларды коргоо принциптерине шайкеш келерин тастыктайт.«Компаньон Банкы» алтын сертификатка ээ болду – бул Банк кардарлардын укуктарын коргоо жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны кармангандыгын тастыктаган эң жогорку баа.Клиенттерди коргоо жолу (Client Protection Pathway) финансылык мекемелер кардарларды коргоо үчүн зарыл болгон практикаларды ишке ашыруу жана жетишилген ийгиликтер жөнүндө инвесторлорду маалымдоо үчүн жасай турган кадамдарды сүрөттөйт.

Кардарларды коргоонун 8 принциби бар, CERISE+SPTF аудитти ошол принциптердин негизинде жүргүзөт. Жана «Компаньон Банкы» бардык категориялар боюнча шайкештигин далилдеди, атап айтканда:

  1. Тийиштүү дизайн жана өнүмдөрдү сунуштоо: Биз кардарларыбыздын муктаждыктарына так дал келген финансылык өнүмдөрдүиштеп чыгабыз.
  2. Ашыкча карыздын алдын алуу: Биз кардарларыбыз ашыкча карызга батпашы үчүн чараларды көрөбүз.
  3. Ачыктык: Биз кардарларыбыз негизделген чечимдерди кабыл ала алышы үчүн, биздин каржылык өнүмдөрүбүздүн бардык шарттары жана талаптары толук ачык-айкынболушун камсыздайбыз.
  4. Жоопкерчиликтүү баа түзүү: Биз кызматтарыбыз үчүн адилеттүү жана акылга сыярлык тарифтерди белгилейбиз.
  5. Адилеттүү жана сый мамиле: Биз ар дайым кардарларыбызга урматтоо жана адилеттүүлүк менен мамиле кылабыз.
  6. Маалыматтын купуялыгы: Биз кардарларыбыздын маалыматтарынын купуялыгын жана коопсуздугун коргойбуз.
  7. Даттанууларды чечүү механизмдери: Биз кардарларыбызга маселелерди тез жана ыңгайлуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн даттанууларды чечүүнүн эффективдүү механизмдерин камсыз кылабыз.
  8. Башкаруу жана персонал: Биз башкаруу жана кадр саясатында кардарлардын укуктарын коргоого багытталган мыкты тажрыйбаларды ишке ашырабыз.

Алтын сертификатты алуу «Компаньон Банкынын» кардарлары көрсөтүлүүчү финансылык кызматтардын коопсуздугуна жана адилеттүүлүгүнө ишене аларын тастыктайт. Бул Банкка болгон ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзөт. «Компаньон Банкы» кардарлардын укуктарын жана социалдык жоопкерчилигин коргоо тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбага таянат.

CERISE+SPTF – бул социалдык жана экологиялык өндүрүмдүүлүктү башкаруу тармагында дүйнөдөгү эки алдыңкы эксперттик уюмдарды бириктирген биргелешкен ишкана. 2005-жылы негизделген Social Performance Task Force (SPTF) социалдык жоопкерчиликти жана туруктуу өнүгүүнү көздөгөн финансылык мекемелер үчүн маанилүү инструмент катары кызмат кылган Социалдык жана экологиялык өндүрүмдүүлүктүн универсалдуу стандарттарын иштеп чыгып, үзгүлтүксүз жаңыртып турат.

Бөлүшүү