kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БАНКЫНАН КОПИЛКА: АКЧА ОҢОЙ ТОПТОҢУЗ ЖАНА АЙ САЙЫН КАЛДЫКТАГЫ АКЧАГА +5% АЛЫҢЫЗ

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫНАН КОПИЛКА: АКЧА ОҢОЙ ТОПТОҢУЗ ЖАНА АЙ САЙЫН КАЛДЫКТАГЫ АКЧАГА +5% АЛЫҢЫЗ

чын куран айы 13, 2025


    Компаньон Банкынан Копилка: акча оңой топтоңуз жана ай сайын калдыктагы акчага +5% алыңыз 

    Отпуск, ремонт же жаңы гаджет тууралуу кыялданып жатасызбы? Эми Компаньон Банкынын Копилкасы менен акча топтоо дагы да жеңил болот! 

    Копилка ачуу үчүн банкка келүүнүн же өзүнчө эсеп ачуунун кажети жок. Жөн гана уюлдук тиркеменин болуусу гана жетиштүү. 

    Копилканы кантип ачуу керек? 

    Банктын тиркемесине кирип, “Копилка” деген сүрөттү басыңыз 

  • акча топтоонун максатын тандаңыз 

  • керектүү сумманы жазыңыз 

    жана сизге ыңгайлуу болгон учурда акча топтоп баштаңыз. 

    Мындан тышкары, тегеректөө функциясын жандандырып, Копилкаңызды автоматтык түрдө толуктасаңыз болот. 

    Тегеректөө кантип иштейт? 

    Сиз ар бир соода-сатыктыжүргүзгөндөн калган калдык акча менен акча топтосоңуз болот. Мисалы, төлөм жүргүзгөндөн кийин картаңызда 415 сом калдык калды. 5 сом Копилкага     кетет, ал эми картада 410 сом калат. Тегеректөөнүн даражасын - 10, 100 же 1000 сом сиз өзүңүз тандайсыз. 

    Калдыктагы акчага +5% кошумча

    Компаньон Банкы сиздин ишенимиңизди баалайт. Ошондуктан ай сайын калдыктагы акчага +5% кошумча белекке берет. Кыялыңызды чогуу орундаталы! 

    Акчаны алуу 

    Копилканы каалаган учурда “бузуп”, акчаңызды алып кете аласыз. Банк тарабынан эч кандай көзөмөл жана комиссия жок. 

    Копилкага акча которуу жана топтолгон акчанын көлөмүн көрүү күнү-түнү жеткиликтүү. 

    Компаньон Банкынан Копилканы бүгүн ачыңыз жана кыялыңызга карай кадамды азыртан таштаңыз! 

    Суроо калдыбы? Биз ар дайым байланыштабыз! 

    0 (312) 33-88-00 

    88 00 (КР боюнча чалуу акысыз) 

    Көңүл буруңуз: Ай сайын калдыкка кошумча 5% төлөп берүү 2025-жылдын 16-апрелинен баштап ачылган Копилкаларга иштейт. 

Бөлүшүү