kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • KyrSEFF керектөө кредити

KyrSEFF керектөө кредити

Жашоо шарттарын жакшыртуу жана жылуулоо үчүн кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү менен кредит

KyrSEFF керектөө кредити жашоо шарттарын жакшыртуу жана жылуулоо үчүн кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

  • Акысыз техникалык жардам
  • Адистин консультациясы
  • Ийкемдүү төлөө графиги.

Кредиттин суммасы: 10 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин. Кредиттик тарыхы акыркы 12 айда оң көрсөткүчтө болгон кардарлар күрөө жана кепилсиз 100 000 сомго чейин кредит ала алышат. Банкка экинчи ирет кайрылып жаткан кредиттик тарыхы акыркы 12 айда оң көрсөткүчтө болгон кардарлар үчүн күрөө жана кепилдерсиз 250 000 сомго чейин кредит берүү каралган. 
Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин 
Камсыздандыруу: кыймылдуу же/жана кыймылсыз мүлк, кепилдик.
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 21,5%.дан жогору.
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 23,94%дан жогору.

KyrSEFF кредити төмөнкү максаттар үчүн берилет:
Энергияны үнөмдөөчү айнектерди алууга, лоджи жана балконду айнектөөгө
Турак-жайды жылуулоого (тышкы дубалдарды, чатыр жана полду)
Жылуулоо жана салкындатуу системасы үчүн жылуулук тартуучу насосторду орнотууга
Абаны калыбына келтирүү менен желдетүү системасын орнотууга
Энергияны үнөмдөөчү жарыктарды орнотууга (LED-чырактар)
Сплит-системасы менен абаны желдетүүчү жабдык (кондиционер) орнотууга (“А+” классындагы жана андан жогору)
Күн системаларын орнотууга (күн коллекторлору, күн фотоэлектрдик панелдер)
Сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотууга (крандар, душ суу куйгучтары, сууну үнөмдөөчү унитаздар, жамгыр суусун чогултуу үчүн бак, тамчылап сугаруу)
Муздатуучу жана тоңдуруучу жабдууларды сатып алууга (“А+” классындагы жана андан жогору)
Үйдүн/батирдин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатууга жана сууну үнөмдөөгө шарт түзүүчү башка иштерге
KyrSEFF программасына дал келүүчү башка максаттар үчүн 

15%га чейинки грант энергияны үнөмдөөчү иш-чаралар ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин берилет. Гранттык төлөмдүн өлчөмү ар бир учурда өзүнчө каралып, программанын адиси тарабынан аныкталат. Ал энергияны үнөмдөөчү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө жумшалган каражаттын суммасына жараша болот.

Кредитти накталай акчага айлантуу үчүн комиссия Банктын тарифине ылайык алынат. 


Кредитти кимдер ала алат?

Жашы 18ден 68 жашка чейинки жеке жактар жана жеке ишкерлер:

  • Кыргызстандын паспорту бар жарандар
  • Патенттин негизинде ишкердик кылгандар же эмгек кызматкерлери
  • Айыл чарба ишкердиги менен алектенгендер
  • Жеке ишкерлер (жеке менчик кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү менен киреше тапкандарды кошкондо).

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз