- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- Татыктуу эмгек акы.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
Кызматтык милдеттери:
- Филиалдын директорунун түздөн-түз колдоосу менен Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерлерин эффективдүү иштешин камсыз кылуу.
- Филиалдын (Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерин) персоналын мыкты менеджмент ыкмаларын колдонуу аркылуубашкаруу.
- Банктын кредиттик ишмердүүлүгүн кеңейтүү боюнча Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлеринин ишерин координациялоо.
- Филиалдын кызматкерлери менен Банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосундагы байланышты камсыз кылуу.
- Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча отчетторду даярдоо.
- Кредиттик бөлүмдүн жетекчисине кредит алуучулардын кредиттик тобокелдиктерин баалоода жардам берүү жана анын ишин көзөмөлдөө. Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерине көйгөйлүү кредиттер боюнча консультациялырды өткөрүү.
- Ыйгарым укуктардын чегинде кредиттик өтүнмөлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу жана/же ыйгарым укуктардын чегинде Кредиттик Комитеттердин жыйындарына катышуу.
- Кичи кредиттик комитеттердин жыйындарынын өз убагында өткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.
- Кардарлар жана карыз алуучулар менен маселелерди өз убагында чечүүнү көзөмөлдөө.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик билиим (экономикалык, юридикалык, каржылык багытта).
- Кредиттөө жаатында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу. Жетекчилик кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (артыкчылктуу).
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктардын кредитөө чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акттарын, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү ( мындан ары - ТИК/ККЛКА) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү.
- Компьютердик сабаттуулук (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б. билүү).
- Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү милдеттүү. Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
- Тапшырмаларды так аныктап, артыкчылыктарды белгилей билүү жөндөмү.
- Иште натыйжа көрсөтө билүүсү жана стандарттуу эмес чечимдерди табуу жөндөмү.
- Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүнү болушу, демилгелүүлүк.
- Мыкты коммуникациялык, уюштуруучулук жана башкаруучулук көндүмдөрдүн болушу.
Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары
- филиалы
"Ош-Датка" филиалы
- Регион
Ош
- Жарыяланган күнү
бештин айы 31, 2024
Бөлүшү