kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Сактык кассанын жетекчиси

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Сактык кассанын жетекчиси


Биздин баалуулуктар:

  • Чечкиндүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз эмнени сунуштайбыз:

  • КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
  • Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
  • Татыктуу эмгек акы.

Кызматтык милдеттери:​

  • ​Сактык кассасынын эффективдүү ишин уюштуруу жана жалпы башкаруу.
  • ​Сактык кассасынын кредиттик эмес кызматтар боюнча операциялык ишин натыйжалуу уюштурууга жоопкерчилик: депозиттер, эсептешүү жана кассалык тейлөө; акча которуулар, банк карталары ж.б.
  • ​Кардарларды тейлөө боюнча бекитилген жол-жоболорго жана тейлөө стандарттарына ылайык Сактык кассасынын кызматкерлерин окутууну өткөрүү.
  • ​Сатуулардын жалпы планынын негизинде филиалдын директору бекиткен сатуу планын аткаруу.
  • ​Сактык кассасы менен байланышкан программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле Сактык кассасынын ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелерди Башкармалыктын кароосуна сунуштоо.
  • ​Банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген финансылык көрсөткүчтөргө жана кредиттик портфелдин сапатына жоопкерчилик алуу.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Жогорку кесиптик экономикалык билим.
  • ​Банк тармагында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинде жетекчилик кызматта кеминде 1 жыл.
  • ​Накталай акча менен иштөө тажрыйбасы кеминде 1 жыл.​
  • ​Төлөм каражаттарынын аныктыгын айырмалай алуу жөндөмү, тиешелүү сертификаттардын болушу.
  • ​Операциялык блоктун банктык операцияларын жүргүзүү жол-жоболору боюнча практикалык билимдер: эсептерди, депозиттерди, банк карталарын ачуу жана тейлөө, эсеп ачпастан акча которуулар, алмашуу операциялары, эсептешүү жана кассалык тейлөө.
  • Депозиттер жана эсептешүү-кассалык тейлөө жүргүзүү тартиби боюнча ченемдик жана нускамалык документтерди билүүсү.
  • Кыргыз Республикасынын банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарын жана КРУБдун ченемдик акттарын билүүсү.
  • ​Сактык кассасынын ишмердүүлүгү менен байланыштуу негизги бухгалтердик эсептердибилүү.
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуучунун деңгээлинде билүүсү, Microsoft Windows тиркемелерин (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.) мыкты башкаруу, анын ичинде атайын бухгалтердик программаларды (банк иши) колдоно билүүсү.​
  • ​Орус тилинде эркин сүйлөп жана сабаттуу жаза билүүсү, кыргыз жана англис тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат.
  • Адамдар менен тил табыша алуу, стресске чыдамдуулук, командада иштей алуу.

Сактык кассанын жетекчиси

  • филиалы

    "Аламедин" № 053-16-54

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    бирдин айы 17, 2025

Бөлүшү

Жумушка кайрылуу

app-form