kompanion-logo

    • Мобилдик тиркеме
  • QR-код аркылуу төлөө

QR-код аркылуу төлөө

Мындан ары төлөмдү ишке ашыруу тезирээк жана ыңгайлуураак! «Компаньон» мобилдик тиркемесинде QR-код аркылуу төлөм системасы жеткиликтүү. Кызмат «Компаньон» мобилдик тиркемесинин акыркы версиясына чейин жаңыланган колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.  

QRддун аркасы менен кардарлар өлкөнүн бардык соода түйүндөрүнөн жана ошондой эле интернет-мейкиндигинде өз мобилдик тиркемеси аркылуу каалаган товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыра алат. Төлөмдүн бул түрү төлөм терминалын жана NFC-төлөмдөрдү колдогон карта же телефонду колдонгон электрондук которууларга альтернатива болуп саналат. Контактсыз төлөм үчүн QR-кодду мобилдик банк тиркемесинен сканерлөө жетиштүү.

QR-кодду колдонуу менен «Компаньон» мобилдик тиркемесинен төлөмдү кантип ишке ашырууга болот?

  1. Тиркеменин башкы менюсунун төмөн жагындагы Которуулар бөлүгүнө  кирүү зарыл.
  2. Андан кийин QRкод аркылуу тез которуу жана Cканер дегенди тандоо зарыл.
  3. Сумманы жазып, номерди тактап жана ырастоо керек.

Банктык тиркемелерге жана электрондук капчыктарга которуулар – ЭЛКАРТ Трейд, ЭЛКАРТ Мобайл, ЭЛСОМ, O!Money, РСК Банк, Демир Банк, Халык Банк, Айыл Банк, МБанк, FINCA Банк жана башкалар – комиссиясыз! Бул тиркемелерден Компаньон тиркемесине которуу QR-код аркылуу да мүмкүн.

Мобилдик тиркеме аркылуу төлөөдө төлөмдүн түрүн тандоо зарыл: тиркемеден же карталык эсептен.

Лимиттер:

 «Компаньон» тиркемеси аркылуу:

Капчыктан:

Минимум – 1 сом.

Максимум –200 000 сом.

Айына 600 000 сом.

Картадан:

Минимум – 20 сом.

Максимум – 150 000 сом.

Айына чектөөсүз.

Кайрылуу калтыруу