- Мобилдик тиркеме
- Кредиттер
Онлайн-кредит
Болгону бир нече тийүү жана кредит сиздин балансыңызда
Кредит алуу үчүн банктын кеңселерине кайрылуунун кажети жок. Кредитти «Компаньон» тиркемесинен тариздөөгө болот.
Кредиттин суммасы: 2000 сомдон 200 000 сомго чейин. Алыстан идентификациялоодон өткөн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн: 2000 сомдон 15 000 сомго чейин. Банктын бөлүмдөрүнүн биринде толук идентификациядан өткөн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн: 2000 сомдон 200 000 сомго чейин.
Кредиттин мөөнөтү: 1 айдан 36 айга чейин.
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 26,99%.
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 31,05% дан башталат.
Камсыздоо: талап кылынбайт.
Компаньон Банкындагы депозиттик эсептерде турган акча каражаттары камсыздалган кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин акча каржаттары төмонкү убактан кийин чегерилет:
- 2 000 сомдон 14 999 сомго чейин — бир заматта
- 15 000 сомдон 49 999 сомго чейин — 3 саат
- 50 000 сомдон 100 000 сомго чейин — 6 саат
- 100 001 сомдон жогору — 24 саат. Бул убактын ичинде банк кредиттер боюнча алдамчылыктан коргоо максатында тиркемеден кредит алууга берилген тапшырыкты тастыктоо үчүн кардарга расмий номерден чалат. Эгерде кардардан тастыктоо алынбаса, акча каражаттары эсепке чегерилбейт
Кредитти ким ала алат?
18 жаштан 68 жашка чейинки жеке адамдар жана жеке ишкерлер:
- Кыргызстандын паспорту менен
- Жалданып иштегендер же расмий айлык акы алгандар ( маяна тууралуу маалымат Банк тарабынан КРнын Социалдык фондунан текшерилет) же\жана бизнес менен алектенген жеке ишкерлер.