kompanion-logo

    • Мобилдик тиркеме
  • Копилка

Копилка

«Компаньон» тиркемесинде

Копилканы кантип ачуу керек? 

Банктын тиркемесине кирип, “Копилка” деген сүрөттү басыңыз 

  • акча топтоонун максатын тандаңыз 

  • керектүү сумманы жазыңыз 

жана сизге ыңгайлуу болгон учурда акча топтоп баштаңыз. 

Мындан тышкары, тегеректөө функциясын жандандырып, Копилкаңызды автоматтык түрдө толуктасаңыз болот. 

Тегеректөө кантип иштейт? 

Сиз ар бир соода-сатыктыжүргүзгөндөн калган калдык акча менен акча топтосоңуз болот. Мисалы, төлөм жүргүзгөндөн кийин картаңызда 415 сом калдык калды. 5 сом Копилкага кетет, ал эми картада 410 сом калат. Тегеректөөнүн даражасын - 10, 100 же 1000 сом сиз өзүңүз тандайсыз. 

Калдыктагы акчага +5% кошумча

Компаньон Банкы сиздин ишенимиңизди баалайт. Ошондуктан ай сайын калдыктагы акчага +5% кошумча белекке берет. Кыялыңызды чогуу орундаталы! 

Акчаны алуу 

Копилканы каалаган учурда “бузуп”, акчаңызды алып кете аласыз. Банк тарабынан эч кандай көзөмөл жана комиссия жок. 

Копилкага акча которуу жана топтолгон акчанын көлөмүн көрүү күнү-түнү жеткиликтүү. 

Компаньон Банкынан Копилканы бүгүн ачыңыз жана кыялыңызга карай кадамды азыртан таштаңыз! 

Көңүл буруңуз: Ай сайын калдыкка кошумча 5% төлөп берүү 2025-жылдын 16-апрелинен баштап ачылган Копилкаларга иштейт. 

Кайрылуу калтыруу