kompanion-logo

    • Мобилдик тиркеме
  • Эсептер жана төлөм карталары

Эсептер жана төлөм карталары

Компаньон мобилдик тиркемесинде Компаньон Банкында ачылган бардык Элкарт жана Visa төлөм карталары төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн жеткиликтүү. Карталардын тизмеси "Эсептер жана карталар" бөлүмүндө көрсөтүлөт.

Ушул эле бөлүмдө сиз жаңы Элкарт же VisaGold (KGS/USD) картасына тапшырык берсеңиз болот. Тапшырык бергенде сизде 2 вариант бар:

1. Жаңы картаны алуу сизге ыңгайлуу болгон, сизге эң жакын Банктын филиалын тандаңыз;

2. Бекер жеткирип алуу (Бишкекте гана).

Ар бир карта үчүн сиз белгилүү бир даталар үчүн билдирүү жасап, тарыхты көрө аласыз.

«Компаньон» тиркемесинде банктык картаны заказ кылуу боюнча нускама

Тиркемеге каалаган ЭЛКАРТ картасын байлаңыз

Эгерде сизде башка банктан ЭЛКАРТ картасы бар болсо, сиз аны накталай эмес сатып алууларды, которууларды жана башка операцияларды жүргүзүү үчүн "Компаньон" тиркемесине байлай аласыз.

1. Тиркеменин башкы бетиндеги "Эсептер жана карталар" бөлүмүн тандаңыз.

2. Тизмеден "Картаны байлоо" дегенди тандаңыз.

3. Картанын ээсинин аты-жөнү, номери, CVV жарактуулук мөөнөтү сыяктуу реквизиттерин толтуруңуз.

4. "Байлоо" баскычын басыңыз.

Көңүл буруңуз! Сиздин картаңыз онлайн төлөмдөрдү колдошу керек. Суроолоруңуз болсо, картаңызды берген банкка кайрылыңыз.

Кайрылуу калтыруу