kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Кредиттер
  • Жашыл керектөө кредити

Жашыл керектөө кредити

Компаньон Банкы аркылуу экологиялык жактан таза товарларга жана кызматтарга жеткиликтүүлүк алып, келечек муундар үчүн мыкты планетаны түзүңүз

Электромобиль сатып алууну же күн батареяларын орнотууну пландап жатасызбы? Жашыл керектөө кредиттери — бул туруктуу келечекке карай ишенимдүү кадам! Компаньон Банкы аркылуу экологиялык жактан таза товарларга жана кызматтарга жеткиликтүүлүк алып, келечек муундар үчүн мыкты планетаны түзүңүз.

Компаньон Банкындагы жашыл керектөө кредиттеринин артыкчылыктары:

  • 3 айга чейинки жеңилдетилген мезгил
  • энергия чыгымдарын азайтуу
  • ден соолукка жана экологияга карата коркунучтарды азайтуу.

Кредиттин суммасы: 5 000 ден 2 000 000 сомго чейин.

  • 100 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
  • 250 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайтадан кайрылган кардарлары үчүн.

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.

Камсыздоо катары "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары белгиленген кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан баштап, депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Номиналдуу пайыздык чен: 22,5%дан башталат.

Натыйжалуу пайыздык чен: 25,16% дан башталат.

Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк жана кепилдик

Максатсыз пайдалануу үчүн айып: 250 000 сомдон жогору кредиттер боюнча суммадан 3%.

Кредитти накталай берүү үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.

Жашыл керектөө кредити төмөнкү максаттарга берилет:

  • Моторсуз же аз көмүртектүү транспортту сатып алуу (велосипеддер, скутерлер, электромобилдер жана башка),
  • Суу чыпкалоо системаларын, ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуу, скважиналарды бургулоо жана жайгаштыруу,
  • Күн панелдерин, жылыткычтарды, жылуулук насосторун жана кайра жаралуучу энергиянын башка булактарын орнотуу
  • Жана жашыл каржылоого ылайык келген башка максаттар.

Ким кредитти ала алат:

  • Кыргызстандын паспорту бар;
  • патенттин негизинде бизнес менен алектенген (өзүнүн кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн кирешени кошкондо) же жалданып иштеген;
  • айыл чарба менен алектенген

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке жактар жана индивидуалдуу ишкерлер.

Бизнес/эмгек стажы 3 айдан кем эмес болушу керек. Агробизнес үчүн иш мөөнөтү: бирден кем эмес айыл чарба циклы. Ошондой эле бирден ашык киреше булагынын болушу сунушталат.

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз