kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Кредиттер
  • Агрокредит

Агрокредит

Алый чарба ишкердиги менен алектенген кардарлар үчүн

Компаньон Банкы Агрокредит кредитин алуучуларга 6 айга чейинки жеңилдик мөөнөтүн, агрономия жана мал чарбачылыгы жаатында жогорку квалификациядагы адистердин акысыз консультациясын сунуштайт.

Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 150 000 сомго чейин. Кредиттик тарыхы акыркы 12 айда оң көрсөткүчтө болгон кардарлар күрөө жана кепилдерсиз 100 000 сомго чейин кредит ала алышат. Банкка экинчи ирет кайрылып жаткан кредиттик тарыхы акыркы 12 айда оң көрсөткүчтө болгон кардарлар үчүн күрөө жана кепилдерсиз 150 000 сомго чейин кредит берүү каралган. 

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин 
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 25,5%.
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 31,1%.
Камсыздандыруу: кыймылдуу же/жана кыймылсыз мүлк, кепилдик, "Компаньон Банкы" ЖАКтагы депозиттик эсептеги акча каражаты же/жана кыймылдуу мүлк (жабдуулар, техника, мал ж.б.)

Агрокредит төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  • Малдын башын көбөйтүү
  • Жем, үрөн, көчөт жана жер семирткичтерди сатып алуу
  • Алый чарба техникасын ремонттоо
  • Жер участогунун, ижарага алынган имараттын, кампанын, сактоочу жайдын аренда акысын төлөө үчүн
  • Мал/өсүмдүктөр үчүн коргоо каражаттарын жана сезондук иштерди жүргүзүү үчүн материалдарды сатып алуу үчүн.


Сиз төмөнкү жааттарда консультация ала аласыз:

  • Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кирешени көбөйтүү максатында эффективдүү агробизнес жүргүзүү
  • Заманбап айыл чарба технологияларын жана методикаларын колдонуу
  • Фермердик экономикалык эсептер жана жергиликтүү жеткирип берүүчүлөрдүн байланышы.

Кредитти накталай акчага айлантуу үчүн комиссия Банктын тарифине ылайык алынат. 


Кредитти кимдер ала алат?
Жашы 18ден 68 жашка чейинки жеке жактар жана жеке ишкерлер:

  • ​Кыргызстандын паспорту бар жарандар
  • Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген жеке ишкерлер
  • Өсүмдүк/мал чарба менен алектенген жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү.

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз