kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Кредиттер
  • 30 мүнөттө берилүүчү кредит

30 мүнөттө берилүүчү кредит

Болгону паспорт керектелет

​Күрөөсүз кредит кредиттик тарыхы акыркы 12 айда оң көрсөткүчтө болгон жана туруктуу кирешеси бар кардарларга 30 мүнөттүн ичинде берилет. Иштеген жерден маалымкат керектелбейт.

Кредиттин суммасы: 2 000 сомдон 200 000 сомго чейин. Аралыктан туруп идентификациялоодон өткөн колдонуучулар үчүн 15 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү.

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин. Онлайн калькулятордун жардамы менен кредитти төлөөнүн өзүңүзгө эң ыңгайлуу мөөнөтүн эсептей аласыз (гипершилтеме).

Камсыздоо: талап кыланбайт.

Номиналдык жылдык пайыздык чен: 29,9%.

Кредиттин түрү
Сумма, сом
Номинальная годовая ставка
Бизнес жана керектөөлөр үчүн кредит
5 000 - 200 000
29,9%*
Бөлүп төлөө менен товарлар
2 000 - 200 000
29,9%**

*Жылдык эффективдүү пайыздык чен 33,6%дан башталат.
**Жылдык эффективдүү пайыздык чен 35,01%дан башталат.
Кредитти накталай акчага айлантуу үчүн комиссия Банктын тарифине ылайык алынат.


Кредитти кимдер ала алат?

Жашы 18ден 68 жашка чейинки жеке жактар жана жеке ишкерлер:

  • Кыргызстандын паспорту бар жарандар
  • кайсы гана болбосун банкта же микрокредиттик уюмда кредиттик тарыхы оң көрсөткүчтө болгон жарандар​
  • расмий айлык алып иштеген же бизнестен киреше тапкандар.​

Айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер Айыл өкмөтүнөн малы же жер тилкеси бар экенин тастыктаган маалымкат алып келип көрсөтүшү кажет.

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз