kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Депозиттер
  • «Пенсиялык» онлайн-депозит

«Пенсиялык» онлайн-депозит

Депозит ачуу дагы да оңойлоп, пайыздык чендер жогорулады!
button-textbutton-text

Жогорулатылган чендер менен «Пенсиялык» онлайн-депозитин «Компаньон» тиркемесинде ачуу 5 мүнөттү алат!

Бул онлайн-депозит акча каражатын сактоону жана көбөйтүүнү каалаган пенсионерлер жана жашы 55тен өйдө жарандар үчүн. «Пенсиялык» депозит менен пайыздарды ЭЛКАРТ пенсиялык картасына же Компаньон Банкынын ар кайсы башка карталарына ай сайын ала аласыз.Банк депозитиңиздин коопсуздугуна кепилдик берет. Бардык депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.

Валюта: KGS, USD
Мөөнөтү:сом менен 3 айдан 36 айга чейин
Минималдуу баштапкы сумма: 200 сом; 10 АКШ доллары

Максималдуу баштапкы сумма: 20 000 000 сом; 250 000 АКШ доллары

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы: чектелген эмес

Ай сайын толуктоонун максималдуу суммасы: 3 000 000 сом, 15 000 USD

Акыркы толуктоо:

  • 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө коюлган депозиттер мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурун толукталышы мүмкүн
  • 12 ай же андан ашык мөөнөткө коюлган депозиттер мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун толукталышы мүмкүн.

Пайыздарды капитализациялоо*: каралган эмес
Негизги сумманы жарым-жартылай чечип алуу: каралган эмес

 

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР ШКАЛАСЫ

Валютасы
3 ай
6 ай
9 ай
12 ай
18 ай
2 жыл
3 жыл
Сом
4%
8,5%
10,5%
12%
12%
13%
13%
АКШ доллары

0.5%
0.5%
2%
2.25%
2.5%
2.5%


Эффективдүү пайыздык чен сом менен  13,79% чейин.

Эффективдүү пайыздык чен АКШ доллары менен 2,53% чейин.

«Компаньон Банкы» ЖАКсы депозиттердин суммасына жана мөөнөтүнө жараша жекече пайыздык чендерди бекитүү укугун өзүнө калтырат.

Депозиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?
Келишим боюнча автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгер депозиттин ээси келишимди узартууну кааласа депозитти чечүүдөн 3 күн мурун Банкка кабар берип, келишимдин жаңы шарттарын макулдашуусу зарыл. Депозит чечиле турган күнү депозиттин ээси келбей, депозитке коюлган сумманы чечүүнү талап кылбаган учурда Банк ошол эле күнү депозиттин ээсинин эсебине депоиттин жана чегерилген пайыздардын суммасын которот