kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Депозиттер
  • «Топтолуучу» онлайн-депозит

«Топтолуучу» онлайн-депозит

Акча чогултуу дагы да оңой болуп калды – эми депозитти каалаган убакта толуктоого болот!
button-textbutton-text

«Топтолуучу» онлайн-депозит ири суммадагы буюм сатып алуу үчүн акча чогултуп жаткандарга ылайыктуу.

Депозитти каалаган учуруңузда комиссиясыз толуктап, бардык процесстерди Компаньон тиркемесинде күзөтүңүз.Банк аманатыңыздын коопсуздугуна кепилдик берет. Бардык депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.

Валюта: KGS, RUB

Мөөнөтү: сом менен 3 айдан 36 айга чейин, рубль менен 3 айдан 12 айга чейин

Минималдуу баштапкы сумма: 200 сом; 1 000 рубль

Максималдуу баштапкы сумма: 20 000 000 сом; 15 000 000 рубль

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы: чектелген эмес

Ай сайын толуктоонун максималдуу суммасы: 3 000 000 сом; 3 000 000 рубль

Акыркы толуктоо:

  • 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө депозиттер аманаттын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурун толукталышы мүмкүн
  • 12 ай же андан ашык мөөнөткө депозиттер аманаттын мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун толукталышы мүмкүн.

Пайыздарды капитализациялоо*: Квартал сайын, пайыздарды капитализациялоо пландык датасы боюнча

Негизги сумманы жарым-жартылай чечип алуу: каралган эмес

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР ШКАЛАСЫ

Валютасы
3 ай
6 ай
9 ай
12 ай
18 ай
2 жыл
3 жыл
Сом
4%
8,5%
10,5%
11,5%
11,5%
12,5%
12,5%
Рубль
2%
3%
3.5%



Эффективдүү пайыздык чен сом менен  13,08%га чейин
Эффективдүү пайыздык чен рубль менен  3,54%га чейин.

​«Компаньон Банкы» ЖАКсы депозиттердин суммасына жана мөөнөтүнө жараша жекече пайыздык чендерди бекитүү укугун өзүнө калтырат.

Депозиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?
Келишим боюнча автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгер депозиттин ээси келишимди узартууну кааласа депозитти чечүүдөн 3 күн мурун Банкка кабар берип, келишимдин жаңы шарттарын макулдашуусу зарыл. Депозит чечиле турган күнү депозиттин ээси келбей, депозитке коюлган сумманы чечүүнү талап кылбаган учурда Банк ошол эле күнү депозиттин ээсинин эсебине депозиттин жана чегерилген пайыздардын суммасын которот.