kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Депозиттер
  • «Мөөнөттүү» депозити

«Мөөнөттүү» депозити

Акча сактап, жогорку кошумча киреше алууну каалагандар үчүн депозит

Бул депозит акчаны сактап, кошумча жогору киреше табууну каалагандар үчүн.

Мөөнөттү өзүңүз тандайсыз – 3 айдан 3 жылга чейин.

Компаньон Банкы депозитиңиздин коопсуздугуна кепилдик берет. Бардык депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.  

Валюта: KGS, USD

Мөөнөтү:36 айга чейин
Минималдуу баштапкы сумма: 1 000 сом; 50 АКШ доллары
Максималдуу баштапкы сумма: 20 000 000 сом; 250 000 АКШ доллары
Толуктоо мүмкүнчүлүгү: каралган эмес
Пайыздарды төлөө: талап кылынганга чейин ай сайын банктык эсепке которулуп турат
Негизги сумманы жарым-жартылай чечип алуу: каралган эмес.

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН ШКАЛАСЫ

Валютасы
3 ай
6 ай
9 ай
12 ай
18 ай
2 жыл
3 жыл
Сом
4%
8%
10%
12%
12%
12.5%
12.5%
АКШ доллары

0.5%
0.5%
2%
2.25%
2.5%
2.5%
Эффективдүү жылдык пайыздык чен сом менен 13,23%га чейин.

Эффективдүү жылдык пайыздык чен доллар менен 2,53%га чейин.

«Компаньон Банкы» ЖАКсы депозиттердин суммасына жана мөөнөтүнө жараша жекече пайыздык чендерди бекитүү укугун өзүнө калтырат.

Депозиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?

Келишим боюнча автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгер депозиттин ээси келишимди узартууну кааласа депозитти чечүүдөн 3 күн мурун Банкка кабар берип, келишимдин жаңы шарттарын макулдашуусу зарыл. Депозит чечиле турган күнү депозиттин ээси келбей, депозитке коюлган сумманы чечүүнү талап кылбаган учурда Банк ошол эле күнү депозиттин ээсинин эсебине депоиттин жана чегерилген пайыздардын суммасын которот.