kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Депозиттер
  • «Пенсиялык» депозити

«Пенсиялык» депозити

Пенсияга чыкканда өзүңүздү кошумча киреше менен камсыздаңыз. Пайыздар ай сайын төлөнөт!

«Пенсиялык» депозит акча каражатын сактап, көбөйтүүгө жардам берет.

  • Депозитти каалаган учурда толуктаңыз.
  • Пайыздарды ай сайын алып туруңуз.
  • Банк аманатыңыздын коопсуздугуна кепилдик берет. Бардык депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
  • Депозитти ачуу үчүн паспортту алып келүү зарыл, жашы 55тен ылдыйлар паспорт жана пенсиялык күбөлүктү көрсөтүүгө тийиш. Депозитти аманат коюучу өзү, же ошондой эле үчүнчү жактар, мисалы, балдары, неберелери толуктай алат.
  • «Пенсиялык» депозит менен пайыздарды ЭЛКАРТ пенсиялык картасына же Компаньон Банкынын ар кайсы башка карталарына ай сайын ала аласыз.

Валюта: KGS, USD
Мөөнөтү: сом менен 3 айдан 36 айга чейин
Минималдуу баштапкы сумма: 200 сом; 10 АКШ доллары
Максималдуу баштапкы сумма: 20 000 000 сом; 250 000 АКШ доллары
Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы: чектелген эмес
Ай сайын толуктоонун максималдуу суммасы3 000 000 сом, 15 000 АКШ доллары

Акыркы толуктоо:

  • 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө депозиттер аманаттын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурун толукталышы мүмкүн
  • 12 ай же андан ашык мөөнөткө депозиттер аманаттын мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун толукталышы мүмкүн

​Пайыздарды капитализациялоо*: каралган эмес
Негизги сумманы жарым-жартылай чечип алуу: каралган эмес


ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН ШКАЛАСЫ

Валютасы
3 ай
6 ай
9 ай
12 ай
18 ай
2 жыл
3 жыл
Сом
4%
8%
10%
12%
12%
13%
13%
АКШ доллары

0.5%
0.5%
2%
2.25%
2.5%
2.5%

Эффективдүү пайыздык чен сом менен 13,79% чейин.
Эффективдүү пайыздык чен АКШ доллары менен 2,53% чейин.

«Компаньон Банкы» ЖАКсы депозиттердин суммасына жана мөөнөтүнө жараша жекече пайыздык чендерди бекитүү укугун өзүнө калтырат.

Депозиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?
Келишим боюнча автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгер депозиттин ээси келишимди узартууну кааласа депозитти чечүүдөн 3 күн мурун Банкка кабар берип, келишимдин жаңы шарттарын макулдашуусу зарыл. Депозит чечиле турган күнү депозиттин ээси келбей, депозитке коюлган сумманы чечүүнү талап кылбаган учурда Банк ошол эле күнү депозиттин ээсинин эсебине депоиттин жана чегерилген пайыздардын суммасын которот.


*Пайыздарды капитализациялоо – депозиттин чегерилген пайыздардын суммасына көбөйүшү.