"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Россия төлөм карталарын “Компаньон” мобилдик тиркеме аркылуу толуктоо

Бардык россиялык банктарда чыгарылган VISA, MasterCard жана МИР төлөм карталарын Кыргызстандан “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу толтуруңуз. Каражаттар онлайн режиминде заматта которулат!

Акча которуу үчүн  "Компаньон” мобилдик тиркемесин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

- Россиялык төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт, комиссиянын өлчөмү 2% (кеминде 35 сом).

- Кыргыз сомунан россиялык рубльга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Компаньон Банкынын курсу боюнча жүзөгө ашырылат.

- Акча которуучу адам валюталардын курсун төлөмдү жүргүзүүгө чейин көрөт.

Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толтурса болот?

  1. «Компаньон» тиркемесиндеги башкы бетинде «Карты РФ» баскычын басыңыз;
  2. Картанын номерин (картанын алдыңкы бетинде) жана сумманы киргизиңиз;
  3. Реквизиттерди, сумманы, валюталардын курсун, комиссияны текшерип, “Төлөө” баскычын басыңыз.

Толуктоолордун максималдуу суммасы:

1 транзакция үчүн 15 000 рубль, бир күндүн ичинде 200 000 рубль.