Компаньон электрондук капчыгы

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЖАКнын МОБИЛДИК МААЛЫМАТТАРЫНЫН КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ/ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖАНА ЧОГУЛТУУГА МАКУЛДУК

Ушул саясатка / макулдукка кол коюу менен, жеке маалыматтар субъекти эркин, түшүнүү менен жана ыктыярдуу түрдө «Компаньон Банкы» ЖАКга (Бишкек ш., Ш. Руставели көч., 62) иштеп чыгууга (жеке маалыматтардын ээлик кылуучусунун (ээсинин) ыкмаларынан көз карандысыз аткарылуучу ар кандай операцияны же операциялар топтомун, анын атынан, автоматтык түрдө же ансыз, жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, жаңыртуу, топтоштуруу, блокировкалоо, өчүрүү жана жок кылуу максатында), ошондой эле берүү (жеке маалыматтарды «Жеке маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык ээлик кылуучу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга берүү), чек ара аралык берүү (жеке маалыматтардын ээлик кылуучусу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясынын шарттарында башка ээлик кылуучуларга берүү) үчүн макулдугун берет.

Бул саясат биз сизден алган же сиз бизге берген ар кандай жеке маалыматтарды иштеп чыгуубуздун негизин аныктайт.

Сиздин жеке маалыматтарыңызга карата биздин көз карашыбызды жана тажрыйбабызды, аларды кандай колдоно турганыбызды түшүнүү үчүн төмөндөгүлөрдү жакшылап окуп чыгыңыз. Тиркемени жүктөө менен, сиз төмөндө берилген ушул Саясаттын шарттарын окуганыңызды, түшүнгөнүңүздү жана кабыл алганыңызды ырастайсыз. Ошондой эле ушул Саясатта берилген тартипте сиздин жеке маалыматтарыңызды чогултууга, пайдаланууга, сактоого, иштеп чыгууга жана ачыкка чыгарууга макулдук бересиз.

1. Биз сизден ала турган маалымат. Биз сиз жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды чогултабыз жана иштеп чыгабыз.

1.1. Өзүңүз жөнүндө бизге берген маалымат (берилген маалымат)

Бул төмөндөгү маалыматты камтышы мүмкүн:

• биздин сайттарыбызга же тиркемелерибизге кирүүдө формаларды толтуруу аркылуу берилген;

• биз менен кат жазышуу аркылуу берилген (мисалы, электрондук почта аркылуу же кайтарым байланыш аркылуу);

• жүктөө же Тиркемеде катталуу, биздин Кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн бирине катталуу (мисалы, кредитке билдирме берүү), Тиркеменин социалдык тармактары аркылуу маалыматтарды алмашуу же тиркемеге кирүү үчүн электрондук почтанын эсепке алуу жазуусу, Тиркемедеги көйгөй жөнүндө билдирүү аркылуу берилген.

1.2. Сиз жана сиздин түзүлүшүңүз жөнүндө биз чогулткан маалымат.

Сиз биздин сайттарыбыздын бирине киргенде же тиркемелерибиздин бирин колдонгондо биз төмөндөгү маалыматты автоматтык түрдө чогултабыз:

  • техникалык маалымат, анын ичинде сиз колдонгон мобилдик түзүлүштүн түрү, түзүлүштүн уникалдуу идентификаторлору (мисалы, IMEI же Түзүлүшүңүздүн серия номери), Түзүлүшүңүздүн операциялык системасы, сиз колдонгон браузердин түрү же Түзүлүшүңүздүн жайгашкан жери жана саат алкагын ырастоолор (Түзүлүш Маалымат);
  • түзүлүшүңүздө сакталган маалымат, анын ичинде байланыштар тизмеси, фотосүрөттөр жана сактагыч.
  • Түзүлүштө же Кызмат көрсөтүүлөр сайтында башка четтик тиркемелерди колдонгонуңуз жөнүндө маалымат.
  • биздин тиркемелерибизди колдонгонуңуз же биздин тейлөө сайттарыбыздын бирине киргениңиз тууралуу кененирээк; анын ичинде, биринчи кезекте, трафик жөнүндө маалыматтар, жайгашкан жери жөнүндө маалымат, веб-журналдар жана башка коммуникациялык маалыматтар (журналдын маалыматы).
  • Мамлекеттик каттоо кызматынан жана башка мамлекеттик органдардан алынган маалыматтар (ФАА, катталган жери боюнча дарек, үй-бүлөлүк абалы, паспортунан фотосүрөт)
  • Кредиттик бюродон маалымат (кредиттик таржымал, кредитти төлөө тартиби жана алынган кредиттер боюнча башка маалымат)
  • КР Социалдык фондунан маалыматтар (жарандын жеке камсыздандыруу эсебинен маалымат жана/же пенсиялык көктөмөдөн маалымат; Соцфондго чегерүүлөр жөнүндө маалымат)

 1.3. Сиз жана сиздин түзүлүшүңүз жөнүндө биз чогулткан жана Касперскийге жөнөткөн маалымат

Коопсуздукту камсыздоо жана алдамчылык аракеттерди алдын алуу максатында, Банк төмөнкү маалыматтарды Kaspersky тарапка өткөрүп берүүгө укуктуу:

  • программалык камсыздоо, акыркы продукт, маалымат субъекти жана айлана-чөйрөнүн идентификаторлору (түзмөктүн идентификаторлору, IMSI, IMEI, орнотулган түзмөктүн идентификаторлору, программалык камсыздоону орнотуу идентификаторлору, программалык камсыздоонун версиясы, ОС, колдонуучунун идентификатору жана колдонуучунун логини, колдонуучунун телефон номери);
  • манжа изини боюнча аутентификация функциясын колдонуу жөнүндө маалыматтар (бул түзмөктүн иштешин колдоо жөнүндө маалыматтар, функцияны активдештирүү/өчүрүү маалыматтары, түзмөктө аутентификация үчүн колдонулган манжа изин өзгөртүү фактысы жөнүндө маалыматтар);
  • орнотулган колдонмолор тууралуу маалыматты (файл аттары, пакет аттары, жолдор, уруксаттар, сертификаттар, колдонмону орнотуу булагы, колдонулган китепканалар, орнотуу датасы жана убактысы, колдонмонун аброю);
  • түзмөктүн геопозициясы жөнүндө маалыматтар (координаттар, координаттарды аныктоонун тактыгы);
  • активдүү тармактык байланыштар (GPRS, GPS, Wi-Fi);
  • түзмөктүн роуминдде экендики тууралуу маалымат, тармактык кошулуулар тууралуу маалымат (IP-дарек, MAC-дарек, URL-даректери, HTTP маалымат - referrer, SSID, VPN-кошулуулар);
  • түзмөк тууралуу фингерпринт маалыматты (микропрограмма жана аппараттык маалыматтар, экран мүнөздөмөлөрү, сенсор мүнөздөмөлөрү, тармак туташуу маалыматтары, учурдагы орнотуулар, учурдагы Коопсуздук орнотуулары, жайгашкан жер, тутум орнотуулары, Web-view орнотуулары, фингерпринт canvas);
  • файлдар тууралуу маалыматты (өлчөмү, аты, жолу, MD5 файлдын хеш-функциясы тууралуу маалымат);
  • SensorEvent маалыматты;

Kaspersky купуялык саясаты: www.kaspersky.com/Products-and-Services-Privacy-Policy.

 

1.4. Сизге кредит сунуштоо үчүн бизге айрым маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү керек. Чогулган маалыматты кандай колдонобуз?

 «Компаньон Банкы» ЖАК төмөндөгү максаттарда Колдонуучулардын жеке маалыматын чогултат жана колдонот:

• Эсепке алуу жазуусун ырастоону иштеп чыгуу үчүн

Биз колдонуучулар берген өздөрү жөнүндө маалыматты колдонуучунун эсепке алуу жазуусун текшерүү максатында колдонобуз. Биз бул маалыматты кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары, үчүнчү жактарга бербейбиз.

• Кредит берүү жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн

Биз колдонуучулар кредитке билдирме берүү процессинде берген, финансылык иш менен байланыштуу кошумча учурдагы документтерди камтыган маалыматты финансылык саламаттыкка жана кредит берүү жөндөмдүүлүгүнө жетүү үчүн колдонобуз. Бул маалымат кызмат көрсөтүү жана төлөөнү чогултууну жеңилдетүү үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары үчүнчү жактарга берилбейт.

• Мезгилдүү электрондук каттарды жөнөтүү үчүн

Сиздин суроолоруңузга жана / же башка суроо-талаптарга жооп берүү үчүн электрондук почта дарегин пайдаланабыз.

Сиздин телефонуңуздан чогулткан маалыматтар сизге кредиттин туура суммасын сунуштоодо бизге жардам берет. Чогулган маалыматтар коопсуздукта болот жана коопсуз ташылат.

• Байланыштар тизмеси: сиздин байланыштар тизмеңизден башка адамга каражаттарды которо алышыңыз үчүн.

• SMS-билдирүү: сизге ийгиликтүү транзакциялар жөнүндө билдирүү жөнөтөбүз.

• Орнотулган тиркемелер: сиздин башка кредиторлорго таасир этүүңүздү баалоо же финансылык тиркемелерди пайдалануу үчүн;             

• Эсепке алуу жазуулары: сиз менен электрондук почта аркылуу жана зарыл болгондо телефон номерлери аркылуу байланышуу үчүн;

• Камера жана сактагыч: идентификаторлорду жана билдирме берүү процессинде зарыл болгон документтерди жүктөө үчүн.

Ошондой эле биз маалыматты төмөндөгү максаттарда чогултабыз:

• Колдонуудагы мыйзамдарды, токтомдорду, юридикалык процесстерди же суроо-талаптарды, анын ичинде, биринчи кезекте, «Өз кардарыңды бил», «Кардарларды талаптагыдай текшерүү», «Акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү» принциптерин сактоо

• Сервисти берүү жана колдоо

• Сервистеги өзгөрүүлөр тууралуу сизге билдирүү үчүн.

• Сиз каалаганда биздин Сервистин интерактивдик функцияларына катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн.

• Кардарларды тейлөөнү жана колдоо көрсөтүүнү камсыздоо

• Сервисти жакшыртуу максатында талдоону же баалуу маалыматты берүү үчүн

• Сервисти пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн

• Техникалык көйгөйлөрдү аныктоо, алдын алуу жана чечүү үчүн.

1.5. Биз башка булактардан алган маалымат (Үчүнчү жактардын маалыматы).

Биз көрсөткөн Кызматтардын мүнөзүнө байланыштуу үчүнчү жактар менен иштөөгө милдеттүүбүз (анын ичинде кредиттик бюро жана мобилдик операторлор) жана алардан сиз тууралуу маалыматты алабыз. Бул биз бекитүү процессинде колдонгон автоматташтырылган кредиттик рейтингди түзүү үчүн жасалган. Биз байланыш маалыматты https://scoring-.credolab.com сайтына жөнөтөбүз. Бул ар кандай финансы жөндөгүчтөрүнөн лицензиясы бар сертификатталган жеткирүүчү. Үчүнчү тарап жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн сиз https://www.credolab.com/ дареги боюнча анын сайтына кире аласыз.

1.6. Уникалдуу тиркемелер номери.

Сиз уникалдуу тиркемелер номерин камтыган Кызмат көрсөтүүнү орноткондо же өчүргөндө, же мындай Кызмат көрсөтүү автоматтык жаңыртууларды издөөнү аткарганда, бул номер жана сиздин орнотууңуз жөнүңдө маалымат, мисалы, операциялык системанын түрү жана түзүлүштүн түрү бизге жөнөтүлүшү мүмкүн.

2. Көзөмөлдөө жана cookie файлдары

Биз сизди Тиркеменин, Тиркемелер сайтынын же Кызмат көрсөтүүлөр сайтынын башка колдонуучуларынан айырмалоо үчүн мобилдик көзөмөлдөө технологияларын жана / же веб-сайттын cookie файлдарын колдонобуз. Бул сиз Тиркемени пайдалануу үчүн ыңгайлуу болушун камсыздоодо бизге жардам берет, ошондой эле Тиркемени жана Биздин Кызмат көрсөтүүлөр сайтыбызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн берет.

3. Маалыматты пайдалануу

Биз маалыматтын ар кандай категориясын башка маалымат категориясы менен байланыштыра алабыз жана бириктирилген маалыматты ал биригип турганда ушул Саясатка ылайык жеке маалымат катары карайбыз.

Биз чогулткан маалымат кардарга кредит берүү керекпи, мындай кредиттин суммасын жана мындай кредитке карата колдонулуучу шарттарды аныктоо үчүн колдонулат.

Биз идентификацияланган адамдар тууралуу маалыматты башка тараптарга ачыктабайбыз, бирок аларга биздин колдонуучуларыбыз жөнүндө анонимдүү жыйынды маалыматты беребиз (мисалы, биз аларга ушул күнү 30 жашка чейинки курактагы 500 эркек кредит алууга кайрылганын маалымдайбыз).

4. Сиздин маалыматты ачыкка чыгаруу

Сиз Тиркемени жүктөгөндө же колдонгондо, сизден чогулткан айрым же бардык маалыматтарды кредиттик бюрого ачыкка чыгарабыз.

5. Сиздин жеке маалыматтарыңызды кайда сактайбыз

Сизден алган маалыматтар ишенимдүү корголгон маалыматтар базасына берилиши жана сакталышы мүмкүн, анын жайгашкан жери эч кимге ачыкка чыгарылбайт. Өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды жөнөтүү менен, сиз жогоруда берилген тартипте жеке маалыматтарыңызды чогултууга, берүүгө, сактоого же иштеп чыгууга макул болосуз. Биз ушул Купуялуулук саясатына ылайык сиздин маалыматтарыңызды коопсуз колдонуу, сактоо жана иштеп чыгууну камсыздоо үчүн бардык акылга сыярлык зарыл кадамдарды көрөбүз.

6. Сиздин маалыматыңызды кантип коргойбуз

Биз маалыматтарды чогултуунун, сактоонун жана иштеп чыгуунун тиешелүү ыкмаларын, ошондой эле санкцияланбаган кирүүдөн, сиздин жеке маалыматыңызды, колдонуучу атын, паролду, транзакциялар жөнүндө маалыматты жана биздин Сайтта сакталган маалыматтарды өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоо үчүн коопсуздук чараларын колдонобуз.

Биз бардык серверлерибизди жана маалыматтык системаларыбызды, анын ичинде бул системаларда сакталган маалыматтарды коргоо үчүн арналган, тармактар аралык экран жана маалыматтарды шифрлөө сыяктуу коопсуздук продукттарын, ошондой эле башка ички контролдоо каражаттарын колдонобуз.

7. Купуялуулук саясатындагы өзгөрүүлөр.

Биз бул Саясатка келечекте киргизе турган бардык өзгөрүүлөр ушул баракчада жарыяланат жана зарыл болгондо сиз кийинки жолу Тиркемени иштеткенде же тейлөө Сайттарынын бирине киргенде сизге кабарланат. Жаңы шарттар экранда чагылдырылышы мүмкүн жана Тиркемени же Кызмат көрсөтүүнү пайдаланууну улантуу үчүн сизден аларды окуу жана кабыл алуу талап кылынышы мүмкүн. Бардык учурда  кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жарыялагандан кийин Тиркемени же ар кандай Сервистерди пайдаланууну улантуу менен, сиз ушул Саясатты мындай өзгөрүүлөр менен кабыл алууну улантууну, ошондой анда берилген шарттарга макулдугуңузду тастыктайсыз.

8. Жеке маалыматтар субъекти ага төмөндөгүлөр белгилүү экенин ырастайт:

1. жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук ушул макулдукка кол койгон күндөн тартып жеке маалыматтар субъектине мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматтарды сактоо мөөнөтү ичинде күчүндө болот;

2. террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын сактоо максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук.

3. жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук каалаган формада жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде артка чакыртылып алынышы мүмкүн.

4. артка чакыртып алган учурда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык толук же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун күчүнө кирүү күнү ушул макулдукка кол коюу күнү менен дал келет.

Мен «Компаньон Банкы» ЖАКга берген маалыматтын толуктугун жана тууралыгын ырастайм. Берилген маалыматтагы бардык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү документти берүү менен Банкка дароо билдирүүгө милдеттенем.