"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Эсептер жана төлөм карталары

ТӨЛӨМ КАРТАЛАРЫ  

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде төлөмдөр жана которуулады жасоо үчүн Компаньон Банкында чыгарылган ЭЛКАРТ жана Visa төлөм карталары автоматтык түрдө жеткиликтүү. Карталардын тизмеси “Эсептер жана и карталар” бөлүгүндө көрсөтүлгөн.

Ар бир карта боюнча белгиленген даталар боюнча көчүрмөнү алып жана операциялардын тарыхын карап-көрүүгө болот.

КААЛАГАН БАНКТЫН ЭЛКАРТЫН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНЕ БАЙЛОО 

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде КРнын каалаган банкында чыгарылган ЭЛКАРТ төлөм картасын байлоого болот. Байланган карта менен товарлар жана кызматтар үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө, нак эмес которууларды жасоого, валюталарды алмаштырууга жана башка операцияларды ишке ашырууга мүмкүн.

Каалаган банктын ЭЛКАРТ төлөм картасын кантип байласа болот:

1. Тиркеменин башкы бетиндеги “Банктык продуктулары” менюсунда “Эсептер жана карталар” бөлүгүн тандоо керек;

2. Көрсөтүлгөн тизмеден “Картаны байлоо” дегенди тандоо;

3. Ачылган терезечеде картанын төмөнкү реквизиттерин толтуруу зарыл:

«Картанын ээсинин аты” - картанын алдынкы бетинде латын тамгалары менен көрсөтүлгөн;

«Картанын номери» - картанын алдынкы бетиндеги 16 цифра;

«Картанын жарактуу мөөнөтү» - картанын алдынкы бетиндеги картанын мөөнөтүнүн бүтүү айы жана жылы “ай/жыл” форматында көрсөтүлгөн;

«CVV» - картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн аныктыкты текшерүүчү үч орундуу сан.

4. Андан кийин “Байлоо” дегенди тандоо керек

Көңүл буруңуздар! Байлана турган картанын сөзсүз түрдө онлайн-төлөмдөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү болушу керек! Болбосо, тиркеме картаны байлабай коет жана картаны чыгарган банкка кайрылууну сунуштайт!

ЭСЕПТЕР

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде төлөмдөрдү жана которууларды жасоо үчүн, Компаньон Банкында ачылган талап боюнча төлөнүүчү эсептер автоматтык түрдө жеткиликтүү. Ошондой эле, тиркемеде банкка барбастан жаңы банктык эсепти ачуу функциясы жеткиликтүү.

Банктык эсеп эмнеге керек?:

✓ Акча каражаттарын коопсуз жана ишенимдүү сактоо;

✓ Акча каражаттарын каалаган банктын филиалында же алдын ала банктык картага которуу жолу менен накталоо мүмкүнчүлүгү;

✓ Акча каражаттарын каалаган банктын филиалында же алдын ала банктык картага которуу жолу менен накталоо мүмкүнчүлүгү;

✓ КРнын аймагында “Клиринг” жана “Гросс” системалары боюнча эсептен улуттук валютада нак эмес акча которууларды ишке ашыруу;

✓ Банк ичиндеги которууларды ишке ашыруу;

✓ Алмаштыруу операцияларын ишке ашыруу.

Тиркемеде банктык эсепти кантип ачса болот:

Сом же чет элдик валютадагы эсептешүү эсебин ачуу үчүн төмөндөгү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетиндеги «Банктык продуктулары» менюсунда «Эсептер жана карталар» бөлүгүн тандоо;

2. Көрсөтүлгөн тизмеден«Эсепти ачуу» дегенди тандоо;

 3. Кийинки ачылган терезечеден эсептешүү эсебинин валютасын тандоо зарыл;

4. ндан кийин эсептешүү эсебинин тандалган валютасын ырастоо керек;

Жаңы эсептешүү эсеби «Менин эсептерим» бөлүгүндө «Эсептер жана карталар» бөлүгүндө көрүнөт. Эсептердин ар бири боюнча белгиленген даталар боюнча көчүрмөнү алып жана операциялардын тарыхын карап-көрүүгө болот.

Көңүл буруңуздар! Активдүү эсептешүү эсебин жабуу үчүн, Компаньон Банкынын каалаган кеңсесине кайрылуу зарыл.

"Компаньон" мобилдик тиркемеси