Эл аралык акча которуулар

Тажикстандын төлөм карталарын толуктоо

Кыргызстанда “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу Тажикстандын “Корти Милли” жана “Душанбе Сити” карталарын толуктаңыз.

Каражаттар ошол замат түшөт!

Которууну ишке ашыруу үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

Тажикстандын карталарын толуктоо убактылуу мүмкүн эмес

Толуктоону кантип ишке ашырса болот?

«Компаньон» тиркемесинде:

1. “Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүү жана “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек. .

2. Андан кийин керектүү кызматты тандоо зарыл:

  • «Тажикстандын Корти Милли банктарынын карталарын толуктоо»;
  • «Душанбе Сити картасы (телефон номери аркылуу)».

3. Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (картанын номерин) киргизүү керек.

  • “Корти Милли” карталарын толуктоо үчүн алуучунун телефон номери дагы керек болот (9ххххххххххх форматында).
  • “Душанбе Сити” карталарын толуктоо үчүн, алуучунун телефон номерин киргизүү жетиштүү (9ххххххххххх форматында).

✓ Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт.

✓ KGSден эсепке киргизүү валютасына конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш-банктын курсу боюнча жүргүзүлөт жана экранда түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

Картаны толуктоо үчүн комиссия: төлөмдүн суммасынан 1%.

Лимиттер:

Тажикстандын “Корти Милли” банктарынын карталарын толуктоо

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы - 20 сом;

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы - 15 000 сом.

Тажикстандын “Душанбе Сити” карталарын толуктоо

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы - 160 сом;

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы - 65 000 сом.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар - 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).