Эл аралык акча которуулар

Россия төлөм карталарын толуктоо

Компаньон мобилдик тиркемесинде сиз россиялык банк тарабынан чыгарылган каалаган карталарды заматта толуктай аласыз.

Каражаттар онлайн режиминде бир заматта которулат!

Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толуктаса болот:

  • Компаньон тиркемесин ачып, башкы бетке өтүңүз.
  • "Которуулар" бөлүмүндө " Чет аралык которуулар " пунктун тандаңыз.
  • "Россия карталарын толуктоо" пунктун тандаңыз.
  • •Төлөм жүргүзүлө турган эсепти тандап, алуучунун картасынын номерин (картанын алдыңкы бетиндеги номер) киргизиңиз.
  • Сом менен которула турган сумманы киргизиңиз.
  • Чоо-жайын, суммасын, алмашуу курсун жана комиссияны текшериңиз.
  • "Төлө"  баскычын басыңыз. 

Комиссия жана конвертация:

  • Комиссия толуктоо суммасына карабастан 2% түзөт.
  • Толуктоо 24/7 жеткиликтүү.
  • Кыргыз сомунан россиялык рубльга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Банктын атайын курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
  • Төлөмдү ырастаганга чейин жөнөтүүчү алмашуу курсун көрөт.\

Чектөөлөр:

Толуктоонун максималдуу суммасы: бир транзакция үчүн 15 000 сом, күнүнө 50 000 сом жана айына 500 000 сом.

Бир эсеп боюнча транзакциялардын саны боюнча чектөөлөр: күнүнө 10 жолуга чейин жана айына 50 жолуга чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).