Сбербанк төлөм карталарын толуктоо
Кыргызстанда “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу карта номери/телефон номери боюнча Россия СберБанк төлөм карталарын толуктаңыз.
Каражаттар ошол замат түшөт!
Которууну ишке ашыруу үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.
Толуктоону кантип ишке ашырса болот?
«Компаньон» тиркемесинде:
1. “Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүү жана “Финансылык кызматтар”- “Чет өлкөлүк банктар” дегенди тандоо керек.
2. Андан кийин: “Телефон номери боюнча Сберге акча которуу” же “Карта номери боюнча Сберге акча которуу” кызматты тандоо зарыл.
3. Алуучунун реквизиттерин киргизүү керек:
✓ Телефон номерин 7хххххххххх форматында
✓ же картанын номерин (16 сан).
4. Сумманы киргизүү: сумманы KGS же RUB киргизүү мүмкүн.
5. Алуучунун маалыматтарын текшерип төлөмдү тастыктоо керек.
- Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт.
- KGSден RUBга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Банктын курсу боюнча жүргүзүлөт жана экранда түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
Картаны толуктоо үчүн комиссия: төлөмдүн суммасынан 1%. Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт.
Лимиттер:
Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы: 1 cом.
Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы: 150 000 cом.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).