Акча которуулар

“Золотая Корона” Европадан акча которууларды 0% менен сунуштайт

2020-жылдын май айында Россия Федерациясында жана КМШ өлкөлөрүндө акча которуулар рыногунун лидери Золотая Корона (KoronaPay бренди) Европадан КМШ өлкөлөрүнө жана Россия Федерациясына онлайн которуулардын жаңы багытын ачты. Мындай которуулардын баасы 0% түзөт. Компаньон Банкынын кардарлары эми Европа өлкөлөрүнөн акча которууларды банктын кеңселеринен накталай түрдө ала алышат же үйдөн чыкпастан биздин банкта чыгарылган карталарына чегере алышат. Европадагы жөнөтүүчүлөр комиссиялардан үнөмдөй алышат.

Акча которууну бардык европалык банктардын карталарынан “Золотая Коронанын” KoronaPay (6+) мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтсө болот. “Золотая Коронын” акысыз онлайн-которууларын 31 өлкөдөн - Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрүнөн, ошондой эле Улуу Британиядан, Исландиядан, Норвегиядан жана Лихтенштейнден жөнөтүү мүмкүн.

Которууну комиссиясыз жөнөтүү үчүн, европалык номери менен смартфонго App Store же Google Playдеги KoronaPay акысыз тиркемесин жүктөп алуу зарыл. Андан кийин алуучу адамдын өлкөсүн тандап, которуунун суммасын, алуучу жана жөнөтүүчү адамдардын аты-жөнүн, ошондой эле которуу үчүн эсебинен акча алып салынуучу банктык карта жөнүндө маалыматты киргизүү керек. Төлөмдү тастыктагандан соң тиркемеде акча которуунун уникалдуу номери көрсөтүлөт, аны акча алуучуга билдирүү керек.

KoronaPay тиркемеси аркылуу акчаны европалык банктары тарабынан чыгарылган VISA, Mastercard жана Maestro дебеттик же кредиттик карталарынын эсебинен которуу мүмкүн. KoronaPay Европадан Россия Федерациясына жана КМШ өлкөлөрүнө акча которуу үчүн акы албайт. Мисалы, Европадан 100 евро которулуп жатса, жөнөтүүчү адамдын картасынан 100 евро алып салынып, алуучу адамга дал ушул сумма түшөт.

Акча которууну Компаньон Банктын тейлөө пункттарында накталай түрдө алууга же банктык картага чегерүүгө болот.