Аманаттар

«Топтолуучу» Онлайн депозит (Компаньон мобилдик тиркемесинде)

Бул продукт ири сатып алуу үчүн акча топтоону каалаган аманатчылар үчүн. Компаньон мобилдик тиркемесинде толуктоо жана ачуу мүмкүнчүлүгү менен депозит.

Продуктунун артыкчылыгы жоготуу, ашык сарп кылуу тобокелинен, киреше деңгээлине карабастан жеткиликтүү депонирлөө суммасынын аркасы менен жыйнаган каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Пайдалуу чендер 15,5%га чейин жылына сом менен;

✔ Депозитти каалаган убакта тиркемеде комиссиясыз толуктоо:

  • банк эсебинен;
  • ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынан;
  • Компаньон тиркемесинин балансынан;
  • Компаньон Банкынын төлөм терминалдарында.

✔ Депозитти башка электрондук капчыктардан, төлөм терминалдарынан, башка банктардын мобилдик банкингинен толуктоо; 

✔ Топтолгон каражатка тиркемеде көзөмөлдөө  мүмкүнчүлүгү;

✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;

✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган. 

Компаньон тиркемесинде депозит ачуу боюнча нускамалар.

Тиркемени жүктөө:

  

Валютасы KGS, RUB
Аманаттын мөөнөтү KGS - 3 айдан 36 айга чейин, 3 айдан 12 айга чейин

Аманаттын минималдуу алгачкы суммасы

1 000 KGS, 

Аманаттын максималдуу алгачкы суммасы

20 000 000 сом

 

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

Чектөөсүз

Айлык максималдуу толуктоо суммасы

1 000 000 KGS, 1 000 000 RUB

Пайыздардын капитализациясы

Квартал сайын, пайыздардын капитализациясынын пландуу күндөрү (Аманат келишимине кол коюу күнүнө окшош ар үчүнчү айдын күнү).

Жарым-жартылай акча алуу

Алдын ала каралган эмес                                         

Мөөнөтүнөн мурда бузуу

Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүндүгү менен аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатчынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайыздар кайра эсептелет жана пайыздарды капиталдаштыруу шарттары колдонулуусуз, бирок төмөнкү схема боюнча төлөнөт:

  • 12 ай мөөнөтүндө депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда (каражаттардын эсепте турган мөөнөтү 12 айды жана көбүрөөктү түзгөндө)  сом менен- 3% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө, рубль менен- 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө;
  • 12 айга чейин депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда – 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө; 

 

Кошумча маалыматтар

Келишим боюнча автоматтык узартуу каралбаган. Эгерде аманатчы келишимди узарткысы келсе, анда ал аманатты жабуу датасына чейин 3 күндө Банкты эскертип жана келишимдин жаңы шарттарын макулдашууга тийиш.  Аманатты жабуу күнүндө аманатчы келбеген жана аманаттын суммасын талап кылбаган учурда, Банк ошол эле күнү аманаттын суммасын жана эсептелген пайыздарды Аманатчынын талап кылганга чейин эсебине которот. 

*Үстөк пайыздарды капиталдаштыруу – бул аманаттын эсептелген пайыздардын суммасына көбөйүшү. Эсептелген үстөк пайыздар ар үч айда келишимге кол коюу күнү менен дал келген күндөр боюнча аманаттын суммасына кошулат.

*Эффективдүү пайыздык чен сом менен 16,41% чейин, рубль менен 3,54% чейин.

"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат. 

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 8% 9% 13.5% 14% 15.5% 15.5%
Рубль 2% 3% 3.5%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу