Аманаттар

«Топтолуучу» депозит

Бул продукт ири сатып алуу үчүн акча топтоону каалаган аманатчылар үчүн. Толуктоо мүмкүнчүлүгү менен аманат.

Продуктунун артыкчылыгы жоготуу, ашык сарп кылуу тобокелинен, киреше деңгээлине карабастан жеткиликтүү депонирлөө суммасынын аркасы менен жыйнаган каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Жеке адамдар үчүн "Пенсиялык" жана "Топтолуучу" аманаттарынын шарттарына  2023-жылдын 15-декабрьдан өзгөртүүлөр киргизилгендигин билдиребиз, тактап айтканда, депозитти кошумча толуктоонун минималдуу мөөнөтү белгиленген, мында:

 

  • 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө салынган аманатты, анын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 айдан ашык убакыт калган учурда гана кошумча толтурууга болот;
  • 12 ай жана андан ашык мөөнөткө салынган аманатты, анын мөөнөтү бүтөөрүнө 3 айдан ашык убакыт калган учурда гана кошумча толтурууга болот.
Валютасы KGS, RUB
Аманаттын мөөнөтү KGS - 3 айдан 36 айга чейин, RUB - 3 айдан 12 айга чейин

Аманаттын минималдуу алгачкы суммасы

1 000 KGS, 1000 RUB

Аманаттын максималдуу алгачкы суммасы

20 000 000 сом, 15 000 000 RUB

 

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

Чектөөсүз

Айлык максималдуу толуктоо суммасы

1 000 000 KGS, 1 000 000 RUB

Пайыздардын капитализациясы

Квартал сайын, пайыздардын капитализациясынын пландуу күндөрү (Аманат келишимине кол коюу күнүнө окшош ар үчүнчү айдын күнү).

Жарым-жартылай акча алуу

Алдын ала каралган эмес                                         

Мөөнөтүнөн мурда бузуу

Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүндүгү менен аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатчынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайыздар кайра эсептелет жана пайыздарды капиталдаштыруу шарттары колдонулуусуз, бирок төмөнкү схема боюнча төлөнөт:

• 12 ай мөөнөтүндө депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда (каражаттардын эсепте турган мөөнөтү 12 айды жана көбүрөөктү түзгөндө) – 3% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө;

• 12 айга чейин депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда – 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө, рубль менен- 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө;

• мөөнөтүнөн мурда бузууда төлөнүүчү пайыздык коюм бузуу учуруна карата банк тарабынан талап кылганга чейин аманаттар боюнча аракеттеги пайыздык коюмдардын өлчөмүнөн төмөн боло албайт. 

Кошумча маалыматтар

Келишим боюнча автоматтык узартуу каралбаган. Эгерде аманатчы келишимди узарткысы келсе, анда ал аманатты жабуу датасына чейин 3 күндө Банкты эскертип жана келишимдин жаңы шарттарын макулдашууга тийиш.  Аманатты жабуу күнүндө аманатчы келбеген жана аманаттын суммасын талап кылбаган учурда, Банк ошол эле күнү аманаттын суммасын жана эсептелген пайыздарды Аманатчынын талап кылганга чейин эсебине которот. 

*Үстөк пайыздарды капиталдаштыруу – бул аманаттын эсептелген пайыздардын суммасына көбөйүшү. Эсептелген үстөк пайыздар ар үч айда келишимге кол коюу күнү менен дал келген күндөр боюнча аманаттын суммасына кошулат.

*Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 15,85% чейин

*Натыйжалуу пайыздык чен рубль менен 3.54% чейин

"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат. 

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

рубль менен- 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 8% 9% 13.5% 14% 15% 15%
Рубль 2% 3% 3.5%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу