Бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтар

Кеп-кеңеш колдоосу

Кеп-кеңеш жактан колдоо - Компаньондун аракет миссиясы. Компаньон өзү үчүн кардарлар менен шериктештиктердин өнүгүүсүнө жол чабуучу өнүктүрүү менен өркүндөтүүнүн негизги үч багытын тандап алган. Ал багыттарга мал чарбасы менен дыйканчылыктан турган айыл чарбасы, үй чарбасын экономикалык жактан башкаруу жана бардар турмуш кирет. Компаньон үй чарбасын башкарууну туруктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле жер, бакча, мал сыяктуу колдо бар байлыкты киреше алуу үчүн туура пайдаланууга көмөктөшөт. Ошону менен бирге, мындай ишмердүүлүк Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө да ири салым кошмокчу.

Компаньон тарабынан берилип туруучу маалымат кызмат көрсөтүүлөрү (баракчалар, окуу курстары жана ачык семинарлар) кардарларга өздөрүрүнүн үй чарбачылыгы менен каражаттарын туура пайдаланууга көмөктөшөт. Ошондой эле Компаньондун маалыматтык материалдар биздин кардарларга маалымат булагы болуп саналат, ал аркылуу үй чарбачылыгына жана бизнесине келечекте келе турган инвестицияларга карата маалыматтык чечимдерди кабыл алышат. Ар бир маалыматтык материалдарда жаратылыш ресурстарын жана айыл чарбачылыгынын экологиялык жактан таза усулдары пайдаланылып, туруктуу башкарууга өзгөчө көңүл бурулат, андан тереңдетип айтсак, бул Техникалык жана консультативдик колдоо бөлүмүнүн ар бир семинардагы жана окуу курстарындагы ажырагыс темасы.