Төлөм карталары

ЭЛКАРТ “ОКУУЧУНУН КАРТАСЫ” төлөм картасы

ЭЛКАРТ “Окуучунун картасы”– Бишкек шаарынын орто билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн улуттук төлөм системасынын дебеттик картасы.

  • Акысыз ачуу.
  • Картанын мөөнөтү: 5 жыл. Мөөнөтү аяктагандан кийин акысыз кайра чыгаруу.
  • Жылдык тейлөө: 200 сом. Алгачкы жылы акысыз.
  • Картаны чыгаруу мөөнөтү: 5-7 күн.

КАРТАНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ: 

  • “ЭЛКАРТ Мобайл” тиркемеси аркылуу соода түйүндөрүндө товарлар жана кызматтар үчүн, ошондой эле QR-коду боюнча мектеп ашканаларында төлөмдөрдү жүргүзүү.
  • “ЭЛКАРТ Мобайл”  тиркемеси аркылуу коммуналдык кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзүү.
  • Картадан картага акча которууларды алуу жана жөнөтүү.
  • SMS-билдирүү жана эсептин абалы тууралуу көчүрмө алуу.
  • NFC* технологиясы аркылуу 1000 сомго чейин контактсыз төлөмдөрдү (бир күндөгү транзакциялардын саны чексиз) ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү.
  • Картаны каалаган убакта онлайн толуктоо.

1. “Компаньон” тиркемеси аркылуу капчыктын балансынан, эсептен же картадан
2. “Компаньон” Банкынын терминалдары жана ЭЛКАРТ картасын толуктоого мүмкүн болгон башка терминалдар аркылуу.
3. ЭЛКАРТ картасын толуктоого (карта/телефон номери аркылуу) мүмкүн болгон башка банктардын мобилдик жана интернет-банкинги аркылуу.

  • Интернет-банкингде жана “Компаньон” мобилдик тиркемесинде картанын номери аркылуу маалыматты көзөмөлдөө (16 жашка чейинки окуучулар үчүн алардын ата-энесинин атына туташтырылат).

Карта нак эмес төлөмдөр үчүн арналган. Нак акчаны чыгаруу мүмкүн эмес. 

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ: 

16 жашка чыга элек окуучулар үчүн эсеп алардын ата-энесинин/камкорчусунун атына ачылат. Бул учурда картада окуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт жана карта менен окуучу колдонот. Документтер мектепте толтурулат. 

  1. Банк эсебин ачуу үчүн анкета-тапшырык.
  2. Ата-энесининин/камкорчусунун паспортунун көчүрмөсү.
  3. Окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  4. Мыйзамдык өкүлчүлүктү ырастаган документтер: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, соттун чечими же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча каралган башка документтер (эгерде карта камкорчунун атына ачылса жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси көрсөтүлбөсө).
  5. Окуучунун сүрөтү менен №3 Форма жана жашы жете элек окуучунун мыйзамдык өкүлү – ата-энеси (багып алуучу) же камкорчусу тарабынан күбөлөндүрүлгөн кол тамгасынын түп нускасы.

16га чыккан окуучулар үчүн:

  1. Паспорт.
  2. Банк эсебин ачуу үчүн анкета-тапшырык.

Карта менен QR-коду боюнча кантип төлөөгө болот?

1.      "ЭЛКАРТ Мобайл" тиркемесин смартфонго жүктөп алуу жана картаны тиркемеге байлоо зарыл.

2.      Төлөмдү жүргүзүү үчүн "ЭЛКАРТ Мобайл" тиркемесин ачыңыз.

Андроиддеги смартфондор үчүн:

  • "Сканер" бөлүмүнө өтүп, кассанын жанындагы QR-кодун сканерлеңиз (ашкананын же дүкөндүн);
  • "Төлөм суммасы" талаасын толтуруп, "Төлөө" баскычын басыңыз;
  • “Ырастоо” терезечесинде маалыматты текшерип, "Төлөмдү ырастоо" баскычын басыңыз.

iOSтогу смартфондор үчүн:

  • "Башкы бет" бөлүмүнө өтүңүз жана жогорку оң бурчтагы QR-кодунун ярлыгын басыңыз;
  • Кассанын жанындагы QR-кодун сканерлеңиз (ашкананын же дүкөндүн);
  • "Төлөнүүчү сумма" талаасын толтуруңуз жана "Кийинки" баскычын басыңыз;

"Ырастоо" терезечесинде маалыматтарды текшериңиз. Эгер маалыматтар туура болсо, "Төлөө" баскычын басыңыз.

*NFC (Near Field Communication — «жакынкы контактсыз байланыш»)- картаны үчүнчү жактарга бербестен, максималдуу тездикте сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген контактсыз технология. Тез төлөмдү ишке ашыруу үчүн, NFC технологиясын колдогон картаны кассадагы төлөм терминалына PIN-кодсуз жакын алып баруу керек.  Эгерде бир төлөмдүн суммасы 1 000 сомдон ашык болсо, картаны жабдыкка коюп, PIN-кодду терүү зарыл. Мындан соң, сатуучу картанын ээсине төлөм чегин чыгарып берет.

ЭЛКАРТ “Окуучунун картасы” төлөм картасын чыгаруу боюнча учурдагы тарифтер.