Төлөм карталары

ЭЛКАРТ төлөм карталары

Элкарт төлөм карты

«Компаньон Банкы» ЖАК Элкарт төлөм карты -  бул жеткиликтүү, жана эң негизгиси ишенимдүү жана коопсуз банк продуктысы. Бул карта улуттук валютада нак эмес эсептешүү үчүн колдонулат: айлык акы, пенсия, жөлөкпул, салык төлөө, бажы салыктары, камсыздандыруу акы, коммуналдык кызматтар жана башка. 

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%

Акция 2023-жылдын  5-июнунан 2024-жылдын 30-июнга чейин жүрөт!

* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. 

Элкарт төлөм картын артыкчылыктары:

  • соода-кызмат ишканаларында товар жана кызмат үчүн төлөө
  • коммуналдык кызматтар үчүн төлөө
  • эсеп тууралуу мини-көчүрмө жана SMS билдирүү алуу
  • CARDEX аркылуу акча которуу (КР бардык региондору боюнча туугандардын жана жакындардын карталарына тез акча которуу мүмкүнчүлүгү)
  • КР бардык территориясы боюнча Компаньон Банкынын жана өнөктөш банк Демир Банктын банкоматтарынан күнү-түнү акча алуу мүмкүнчүлүгү
  • NFC технологиясы* боюнча 1000 сомго чейин контактсыз төлөмдөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү (бир күндөгү транзакциялардын саны чектөөсүз).

*NFC (Near Field Communication — «жакынкы контактсыз байланыш»)- картаны башка жактарга бербестен, максималдуу тездикте сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген контактсыз технология. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн, NFC технологиясын колдогон картаны кассадагы төлөм терминалына PIN-кодсуз жакын алып баруу керек.  Эгерде бир төлөмдүн суммасы 1000 сомдон ашык болсо, картаны жабдыкка коюп, PIN-кодду терүү зарыл. Мындан соң, сатуучу картанын ээсине төлөм чегин чыгарып берет.

 Компаньон Банкы Элкарт картынын негизинде төмөнкү продуктыларды сунуштайт:

1. ЭЛКАРТ «Жеке жактар» төлөм картасы – акча каражаттарын пайдалуу сактоо, которууларды алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын территориясында соода-сервистик ишканаларда товарларга жана кызматтарга акы төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгүн берет. Карт акысыз чыгарылат, андан тышкары, карттагы 3 000 сомдон жогору акча каражаттарына жылдык 3% эсептелет.

2. «Айлык акы долбоору» ЭЛКАРТ төлөм картасы  улуттук төлөм системасынын картасы. Бул карта коммерциялык жана бюджеттик уюмдардын кызматчылары үчүн колдонулат. Кошумча артыкчылыктары: карттарды акысыз чыгаруу, айлык акыны которуу.

3«Пенсионердин карты» ЭЛКАРТ төлөм картасы- бул пенсионерлердин өздөрүнүн Элкарт карттарына заманбап жана ыңгайлуу түрдө пенсия алуу мүмкүнчүлүгү. Эсептин калдыгына 3% кошуп эсептөө каралган! Пайыздарды чегерүү үчүн минималдуу чектик сумма 1000 сомдон башталат. Кошумча бонус - картты акысыз чыгаруу жана андан кийин аны акысыз тейлөө.

4 «Социалдык төлөмдөр» ЭЛКАРТ төлөм картасы  Компаньон Банкынан социалдык багытка арналган өнүм. Карт социалдык жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алууга багытталган. Карт акысыз чыгарылып, жылдык тейлөөгө комиссия төлөнбөйт. Банктын түзмөктөрүндө/достук мамиледеги тармактагы акчалай алуу үчүн комиссия 0%. Акысыз тейлөөдөн тышкары картадагы акча каражаттарынын калдыгына жылына 3% эсептелет. Пайыздарды чегерүү үчүн минималдуу чектик сумма 500 сомдон башталат.

ЭЛКАРТ NFC жарактуу мөөнөтү  5 жыл
ЭЛКАРТ «Пенсионердин карты», ЭЛКАРТ «Социалдык төлөмдөр» жана ЭЛКАРТ Instant жарактуу мөөнөтү
3 жыл

Максаттуу кардарлар – КР учурда күчкө ээ мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алууга укуктуу жактар.

ЭЛКАРТ төлөө карттарын чыгаруу жана тейлөө боюнча колдонулган тарифтери 

Төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө эрежелери

Төлөм карталарын чыгаруу жана тейлоо эрежелеринен үзүндү

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (13.05.2022 тартып жарактуу)

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

Картага тапшырык