Жаңылыктар

Компаньон Банкына Innovation Award эл аралык сыйлыгы ыйгарылды

21 12 2017

Компаньон Банкы шериктештиктердин өнүгүшүнө салымын кошуусун улантып, анын иш-аракеттери эл-аралык деңгээлде жогору бааланууда. 2017-жылдын декабрь айында Компаньон Банкы инновация тармагындагы жетишкендиктери үчүн Innovation Award аттуу микрокаржы борбору тарабынан уюштурулган эл аралык сыйлыгын утуп алды. Эл аралык коомчулук банктын агробизнести өнүктүрүү кызматына географиялык маалыматты чогултуу, сактоо жана териштирүү системасын киргизүү аркылуу каржы кызматтары менен алыстан колдонууга багытталган долбоорун жогору баалады.

Innovation Award сыйлыгы заманбап технологияларды колдонуу менен бизнес процесстерин оптимизациялоонун жаңы ыкмаларын тапканга түрткү болот дагы, 2016-жылдан тартып инновация тармагында жетишкендиктер үчүн ыйгарылат. Жалпы алкыштан тышкары сыйлыктын ээси Software Group компаниясы тарабынан 20 планшет жана программа менен колдонуу лицензиясын ала алат.

Сыйлык 2018-жылы жыл сайын өтө турган Микрокаржы борборунун конференциясында расмий түрдө ыйгарылат.

«Бизде иштеген агроном жана мал доктурлардын жардамы менен орундатылган өнүктүрүү кызматтарыбыз каржы өнүмдөрүбүз менен бирдикте сунушталат. Биз жалгыз эле каржы кызматтарын сунуштоо менен чектелбестен, кардарларыбызды айыл чарба бизнестерин өнүктүрүү боюнча консультация менен коштойбуз. Мындай эл-аралык алкыш Компаньон Банкынын айыл жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган аракеттери туура жөндөмдө болгонун далилдейт. Белен инновация аспаптарын киргизүү алыскы аймактардагы айыл тургундары үчүн банктын кызматтары менен пайдаланууну жеңилдетет», деп «Банк Компаньон» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрагасы Эркинбек Жумабаев билдирди.

Эскерте кетсек, Компаньон Банкы Кыргызстандын каржы тармагында 2004-жылдан тартып иштеп келет. Банк агробизнести өнүктүрүү боюнча каржы өнүмдөрүн жана кызматтарын толугу менен сунуштайт. 2011-жылдан тартып, банктын 32 агроном жана мал доктурдан турган техникалык жардам кызматы алыскы региондордогу мүмкүнчүлүгү чектелген фермерлерге агрономия жана мал чарба боюнча бир жылдык курс өткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Алган билимин колдонуп, чарбалар түшүмдүн сапатын оңдоо жана малдын санын көбөйтүү жолу менен өздөрүнүн кирешелерин көтөрө алат. 2016-жылдын жыйынтыгына ылайык, курсту аяктаган фермер үй-бүлөлөрүнүн 63 пайызы кирешелерин 2015-жыл менен салыштырмалуу жогорулата алышкан.

Бардык жаңылыктар