Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЕРӨБдүн КОЛДООСУ МЕНЕН “ЖАШЫЛ КРЕДИТТӨӨ” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

23 5 2023

Компаньон Банкы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан иштелип чыккан KyrSEFF III программасына кошулган Кыргызстандагы алгачкы финансылык уюм болду. Өнөктөштүктүн алкагында Банк "жашыл" кредиттөөнү илгерилетүү үчүн 5 млн.доллар өлчөмүндө кредит алат.

Бул кредит "жашыл кредиттөөнү" өнүктүрүү аракеттерин колдоого жана бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. ЕРӨБ тарабынан берилген каражаттар энергия жана суу натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле суунун тартыштыгы, кыртыштын эрозиясы жана деградациясы өңдүү республикадагы актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланылат. Компаньон Банкы чакан ишканаларды колдоого, алардын өндүрүшүн модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасайт.

Селектор ошондой эле жергиликтүү ишканаларга ЕРӨБ тарабынан жактырылган тиешелүү материалдарды жана жабдууларды өндүрүүчүлөрдү жана жеткирүүчүлөрдү табууга жардам берет. Ошентип, Компаньон Банкынын кредит алуучуларына туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. Башкача айтканда, жеткирүүчүлөрдүн тизмеси берилген технологиялар толугу менен экологиялык жана энергия үнөмдөөчү болушун камсыз кылат.

ЕРӨБ менен кызматташуу каржылоо менен гана чектелбейт. KyrSEFF III алкагында Компаньон Банкынын кардарлары долбоорлордун ишке ашырылышын колдоо үчүн ЕРӨБ адистеринен консультацияларды алышат. Консультанттар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, продукцияны илгерилетүүгө, каржылоо тапшырыктарын иштеп чыгууга, ошондой эле долбоордун дизайнын өркүндөтүүгө көмөктөшөт.

 

"ЕРӨБ менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү кадам болуп саналат. Компаньон Банкы жана ЕРӨБдүн "жашыл кредиттөөнү" алдыга жылдыруудагы биргелешкен аракеттери Кыргыз Республикасынын экологиялык, социалдык жана экономикалык чөйрөлөрүндө оң өзгөрүүлөргө алып келет деп ишенебиз", - деп белгиледи Компаньон Банкынын башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева.

Белгилей кетсек, Компаньон Банкы социалдык жоопкерчилик жана өнүгүүнүн туруктуулугуна байланышкан иш-чаралары менен белгилүү. Анын ичинде Банк "Өлкөнүн алыскы билим берүү мекемелери үчүн жемиш бактары", "Эко-бакча", "Мал багуу жана жайыттарды башкаруу", "Экология жана бакчалар", "Бакчалар жана пластик" өңдүү экологиялык чөйрөнү колдоого жана өлкөнүн агросекторун өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду каржылап келет.

Бардык жаңылыктар