Жаңылыктар

Компаньон Банкы HR Excellence Award 2017 сыйлыгын алды

30 10 2017

2017 жылдын 20- октябрында Бишкекте адам ресурстарын башкарууда жетишкендиктери үчүн HR Excellence сыйлыгын берүү салтанаты өттү. Компаньон Банкы «Жылдын инновациялык долбоору» номинациясын утуп алды. Эл аралык деңгээлдеги эксперттердин калыстар тобу банктын дистанциялык окутуу долбоорун уюштуруу жана киргизүү иштерин жогоруу баалады, жана Компаньон Кыргызстанда ушундай он-лайн курстардын инновациялык системасын киргизген жалгыз банк экендигин белгилешти. Белгилей кетсек, бир жарым жылдын ичинде эле банктын окутуу командасы компаниянын өзгөчөлүктөрүн жана бизнес-процесстерин эске алуу менен өз алдынча 40 уникалдуу дистанциялык курстарды иштеп чыгып, киргизишти.

HR Excellence сыйлыгын берүү Кыргызстанда экинчи жылы өткөрүлүп жатат. Бул иш-чара Wind кадрдык агенттиги тарабынан уюштурулду.  Иш-чарага Кыргызстандын, Казахстандын, Россиянын жана Өзбекистандын адистери тажрыйба жана эң жакшы практика менен алмашуу үчүн чогулушушат. Быйыл Борбордук Азиянын алдыңкы компаниялары 13 номинацияда жеңиш үчүн күрөшүштү. Калыстар тобу долбоорлорду бул өзгөчөлүктөр боюнча баалашты: долбоорду ишке ашыруу негизи, коюлган максаттардын алынган жыйынтыктар менен шайкештиги, колдонуудагы аспаптар жана инновациялар. 

Бардык жаңылыктар