Жаңылыктар

Баткен областында 12-Алма фестивалы өттү

27 10 2017

2017 жылдын 25 октябрында Компаньон Банкы жылдык 12-Алма фестивалын ийгиликтүү өткөрдү. Иш-чара Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында айыл өкмөттөрүнүн активдүү колдоосу менен өттү. Бул иш-чаранын жардамы менен фермерлер миңге жакын тонна алма сата алышты.  

Фестивалдын ачылышына  областтык жана райондук администрациялардын, Сүлүктү шаарынын мериясынын өкүлдөрү, жана Таджикистандан келген расмий делегация катышышты.  Меймандар бул иш-чаранын Кыргызстандын фермерлери үчүн маанилүү экендигин белгилеп, тажик кайра иштетүүчүлөр алма сатып алууга кызыкдар экендигин да билдиришти. Ошентип, фестиваль эл аралык иш-чара болуп калды. Баткен областынын  Мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Компаньон Банкына Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.  

Жергиликтүү жашоочулар белгилеп кеткендей, Компаньон Банкы экономикалык пайдадан тышкары, аларга чыныгы майрам уюштурушту: кызыктуу концерттик программа чоңдорго жана балдарга абдан жакты. Манас орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык аткаруулардан башка, фестивалдын меймандары көргөзмө-жармаңке болду. Көргөзмөдө 12 алма сорттору көргөзүлдү жана ар кандай мөмө жемиш тамактарынын дегустациясы болду.  

Фестивалдын катышуучулары иш-чара кандай өткөндүгү жөнүндө айта кетишти:

Мансуров Камалидин, фермер-сатып алуучу: «Бүгүн фестивалда мен 500 тонна «Превосходный» жана «Семеренко» сортундагы алма сатып алдым.  Мынча көп мөмө жемишти бир жерден сатып алуу абдан ыңгайлуу. Менин атайын алма сактоочу кампам бар, кийин алманы Орусияга жана Казакстанга сатууну пландайм.».

Сегизбаев Жанышбек, фермер-сатуучу: «Алма фестивалынын жардамы менен 2,5 тонна алма саттым. Өзүмдүн түшүмүмдү сатуу мүмкүнчүлүгү бар ушундай жер болгондугуна абдан кубанычтамын».

Абдуллаев Жумабай, Усмат Маткаримов атындагы айыл чарбачылыгынын жетекчиси: «Мен Компаньон Банкы уюштурган эки Алма фестивалына жана өнүгүү Жармаңкесине катышкам. Мындай иш-чаралар бир гана тажрыйба алмашууга жардам бербестен, фермерлерге өздөрүнүн түшүмдөрүн экспортко жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, бүгүн фестивалга фермерлер бир гана алма эмес, башка айыл чарба продукцияларын да алып келишти. Мен, мисалы, жогорку сапаттагы кондициялык дан үрөндөрүн алып келдим, аларды фестивалда кыйла арзаныраак сатып алса».

 

 

 

Бардык жаңылыктар