Жаңылыктар

Компаньон Бишкектеги Эл Аралык Каржы Форумуна катышты.

25 5 2015

2015-жылдын 22 майында Бишкектеги Эл Аралык Каржы Форуму BIFF2015 өттү. Бул форум каржы - насыялык институттардын, лизинг компаниялардын, эл аралык уюмдардын, финансы-насыялык түзүлүштөрү үчүн техникалык чечимдерди жабдып туруучулардын, жана башкалардын жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык иш чарасы болуп эсептелет.

 Кыргызстан банктарынын Бирлиги өткөргөн BIFF2015 форуму өлкөнүн каржы секторунун акыркы мүнөздүү багыттарын жана мындан аркы өнүгүү перспективаларын талкулоо үчүн эң ыңгайлуу аянт болуп эсептелет.

Форумдун катышуучулары көптөгөн актуалдуу темаларды талкуулашты: лизинг жана келишимдик каржылоо, жаңы банк технологиялары, продуктылар жана мобилдүү төлөмдөр, финансылык билим жана корпоративдик башкаруу,каржылоонун ислам принциптери.

«Компаньон Финансылык Группасы» МФК ЖАК башкармалык төрага орунбасары Марлис Дуйшегулов Кыргыз Республикасындагы исламдык микрокаржылоонун кыйынчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» темасында презентация кылды. Ал каржылоонун ислам принциптерин сактаган «Компаньон Инвест» микрокредиттик компаниясынын түзүлүшү, негизги продуктылары жана жетишкендиктери жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Дуйшегулов компания өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы мезгилинде кандай кыйынчылыктарга туш келгендиги тууралуу маалымат менен бөлүштү жана форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Маалымат: «Компаньон Инвест» - Компаньон Финансылык Группасынын туунду компаниясы 2011-жылдын ноябрында түзүлгөн. Бул уюм Кыргызстандын түштүгүндө иштейт жана калкка шариат эрежелерине жооп берген финансылык продуктыларды жана кызматтарды сунуш кылат.

 

Бардык жаңылыктар