Компаньон Банкынын Элкарт картасынын овердрафты- бул банктык карта балансы ноль болгон убакта да акча каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгү. Лимиттин өлчөмү айлык акынын 100% чейин жетет. Башкача айтканда, овердрафт – бул керектөөчү насыясын каттап-жазбай туруп, насыя каражаттарын дайыма ала билүү.
Овердрафттын кандай артыкчылыктары бар?
- айлык акыны күтпөстөн жана карыз акча албастан, каалаган убакта күтүлбөгөн сатып алууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
- каттап-жазуунун жөнөкөйлүгү: Банк менен келишимди бир жолу гана түзүп, овердрафтты көп жолу колдонсо болот;
- айлык акы эсепке түшкөн учурда карыз автоматтык түрдө төлөнөт жана овердрафтты кайра алса болот;
- пайдалуу пайыздык чендер: 0% - кызматтар же товарлар үчүн накталай эмес төлөө учурунда (30 күндүн ичинде), 2,17% - акча каражаттарын накталай алуу учурунда (накталай акча алуудан баштап 30 күндүн ичинде. Жылдык пайыздык чен - 26%). Пайыздар ар бир суммага өзүнчө эсептелет. Овердрафт тууралуу толук маалыматты бул жакта алса болот.
Овердрафт алуу үчүн эмне керек?
- «Айлык акы долбоору» Элкарт картасынын ээси болуу;
- овердрафт алуу үчүн Келишим түзүү;
- эгер овердрафттын суммасы айлык акынын 70% ден 100% чейин түзсө, уюмдун кепилдигин же бул уюмдун эки кесиптешинин кепилдигин берүү. Овердрафт суммасы айлык акынын 70% чейин болсо, кепилдик талап кылынбайт.
Толук маалыматты Компаньон Банкынын бөлүмдөрүнөн, жана байланыш борборунун номерлери боюнча алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик телефондон чалуу акысыз).